Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары, аты аталбаган аскердик кызматкерге таянып, Ормуз кысыгында иш алып барган АКШнын деңиз бөлүктөрүнүн Иранга таандык мунай ташуучу танкерине кол салгандан кийин, Ирандын ракеталык кол салуусуна учураганын билдирди.
Жума күнү эртең менен жарыяланган жаңылыктарда АКШнын аскердик кемелери Ирандын ракеталык соккуларынан жабыркагандан кийин чегинүүгө аргасыз болгону белгиленди.
Окуянын так качан болгону тууралуу маалымат берилген жок.
Бир тараптан Fox News кабарчысы X платформасындагы билдирүүсүндө, АКШнын жогорку даражалуу кызматкерине таянып, АКШ армиясынын Кешм портуна жана Бандар-Аббас шаарына чабуул жасаганын билдирди.
Пентагон бул тууралуу комментарий берген жок, бирок АКШ армиясы шаршемби күнү Ирандагы портко карай баруу аракет кылган Иран желектүү мунай ташыган бир танкерди иштен чыгарганын билдирген.
АКШ армиясы АКШ күчтөрүнүн F-18 согуштук учагы менен танкердин рулдук башкаруу бөлүгүнө таамай сокку урушкан.
Бандар Аббас жана Кешм аралынын жанында жардыруулар
Ошол эле учурда, Ирандын маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, Бандар-Аббас жана Кешм аралына жакын жерде жарылуу үндөрү угулду.
Жарым расмий Фарс маалымат агенттиги аймактын жашоочуларынын Бандар-Аббаска жакын жерде бир нече жарылуу үнүн угушканын билдирип, Бахман пирстанынын айрым бөлүктөрү Иран күчтөрү менен "душман күчтөрүнүн" ортосундагы кагылышууда жабыркашы мүмкүн экенин кошумчалады.
Тасним маалымат агенттиги аймактагы жарылууларды тастыктап, алардын Ормуз кысыгында иш алып барган Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз флотунун эскертүүчү кемелерине тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирди.
Ирандын мамлекеттик IRIB телерадиокомпаниясы Кешм аралындагы пристандардын биринде жарылуу болгонун жана окуя учурда иликтенип жатканын кабарлады.
Ирандын башка маалымат булактары да жарылуулар тууралуу кабарлашты, ал эми Израиль армиясы AFP агенттигине "мындай чабуул жөнүндө кабары жок" экендигин билдирди.
Мизан маалымат агенттиги Кешмде угулган жарылуулар абадан коргонуу системаларынын бир нече кичинекей дрондорду кармап калышынан улам болгонун билдирди.
Тасним маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Бандар-Аббаста эки дрон абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөн.









