Ирандын лидери Мүжтаба Хаменеи 1979-жылы АКШнын Тегерандагы элчилигине жасалган чабуул эскерилген «Дүйнөлүк империализмге каршы улуттук күрөш күнүнө» карата жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.
Хаменеи АКШ «Иран элин сөзсүз багындырууну» көздөп жатканын белгилеп, душманга кичине да болсо жеңилдик берүү согушта курман болгондордун жана элдин курмандыктарын текке кетирерин айтты. Анын пикиринде, мындай кадам каршы тарапты жаңы талаптарды коюуга жана чабуулдарды улантууга шыктандырат.
АКШ президенти Дональд Трамп мүчө болгон Республикалык партиянын орто мөөнөттүү шайлоодо жеңилгенине токтолгон Хаменеи, шайлоонун жыйынтыгы Вашингтондун Иранга карата саясатына таасир этпей турганын белгиледи. Ал АКШнын аракеттери өзгөрөт деп күткөндөр «ктуу жаңылышып жатканын» айтты.
Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган согушунун натыйжасында Тегеран Ормуз кысыгын көзөмөлүнө алып, аймактагы америкалык аскердик базаларды «жок кылганын» билдирди.
«Мындай чабуулдар кайталанса, Ирандын жообу мындан да кеңири масштабда болот», — деди ал.
Ошондой эле Хаменеи Иран аймакта колдоо көрсөткөн жана «каршылык көрсөтүү фронту» деп атаган куралдуу топтордун позициясына жогору баа берди.


















