New York Times гезитинин сүйлөшүүлөрдөн кабары бар жашыруун булактарга таянып берген кабарына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын Ормуз кысыгын кайра ачуу жана АКШ-Израиль менен согушту токтотуу сунушуна нааразы.
Трампка дүйшөмбү күнү Ак үйдүн Ыкчам кырдаалдар бөлмөсүндө (Situation Room) өткөн жыйында Тегерандын планы тууралуу маалымат берилди. Бул план маанилүү суу жолундагы АКШнын блокадасын токтотууну да камтыйт.
Times гезитине маек берген бир нече америкалык жана ирандык расмий өкүлдөр, аталган сунушта Ирандын өзөктүк программасы боюнча эмне жасала тургандыгы айтылбаганын белгилешти.
Иран буга чейин АКШнын бардык уранды байытуу иштерин токтотуу талабын четке кагып, эл аралык укуктун алкагында уранды кайтарып берүүдөн баш тарткан.
Трамптын так кайсы маселе боюнча нааразы экени белгисиз, бирок ал көптөн бери өзөктүк программага тиешелүү эки талаптын тең аткарылышында катуу турат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Оливия Уэлс The Times гезитине: "АКШ басма сөз аркылуу сүйлөшүү жүргүзбөйт; биз кызыл сызыктарыбызды ачык айттык жана президент Америка эли жана дүйнө үчүн пайдалуу болгон келишимди гана түзөт", - деди.
Тынчтык сүйлөшүүлөргө соккубу?
Axios агенттиги жекшемби күнү бул сунушту биринчи жолу жарыялап, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сунушту пакистандык ортомчуларга жеткиргенин кабарлады.
Axios басылмасынын маалыматы боюнча, сунуш ок атышууну токтотууну узак мөөнөткө узартат же туруктуу кылат; өзөктүк сүйлөшүүлөр кысык кайра ачылып, чектөөлөр жоюлгандан кийин гана башталат.
Өткөн аптада Трамп Ирандын дагы бир сунушун четке какты, ошондуктан Исламабадда дем алыш күндөрүнө белгиленген сүйлөшүүлөр токтотулду.
АКШнын расмий өкүлдөрү The New York Times гезитине Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүчүлөргө эч кандай макулдук берүүгө уруксат бербегенин жана мунун тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чоң сокку болгонун билдиришти.
Трамп администрациясынын ичиндеги талаш - тартыштар АКШнын Ормуз кысыгына карата улантып жаткан блокадасы жана Иран экономикасына тийгизген кесепеттерине Тегеран канчалык туруштук бере алат деген маселенин тегерегинде жүрүүдө.
Times гезитинин жазганына караганда, мунай өндүрүү көлөмү сактоочу жайлардын мүмкүнчүлүгүнөн тездик менен ашууда, ал эми мунай скважиналарын жабууга мүмкүн эмес. Эгер алар жабылса, олуттуу зыян келе тургандыктан, администрациядагы айрым өкүлдөр Иран мындай чыгымдарга барганга караганда келишимге келүүнү артык көрөт деп эсептешет.
Times гезитинин жазганына караганда, мунай өндүрүү көлөмү сактоочу жайлардын мүмкүнчүлүгүнөн тездик менен ашып кетүүдө, ал эми мунай скважиналарын жабууга мүмкүн эмес. Эгер алар жабылса олуттуу зыян алып келерин эске алып, айрым бийлик өкүлдөрү Иран чыгымдарды көтөргөнгө караганда келишим түзүүнү артык көрөрүн айтышууда.









