ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Санкцияга кабылган айрым танкерлер Түштүк Кореянын портторунан Россияга 176 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташыган деген айыптоолор айтылууда.
Түштүк Кореянын санкцияларга карабастан Россияга 176 миң тонна күйүүчү май ташыганы айтылууда
Түштүк кореялык бир танкер

The Guardian гезитинин порт каттоолору жана кемелерди көзөмөлдөө маалыматтарына негизделген билдирүүсүнө ылайык, Түштүк Кореянын ар кайсы портторунда жети танкерге күйүүчү май, негизинен дизелдик май жүктөлүп, бул танкерлердин Россияга 14 жолу каттаганы ортого салынды.

Кабарда Улуу Британия, Австралия жана Европа Биримдигинин санкциялык тизмесинде турган бул танкерлердин эң чоңу Layla 19-июлда жана 10-августта Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Ульсан портунан Россиянын чыгышындагы Владивосток портуна эки жолу сапар тартып, жалпысынан 57 000 тонна дизелдик май ташыганы белгиленди.

"Layla" аттуу танкердин биринчи каттамында бара турган жерин Владивосток деп, экинчи каттамында Япониянын Ниигата портун көрсөткөнү белгиленди.

Россия желеги менен жүргөн жана Австралиянын санкциялык тизмесинде орун алган Astoria танкери 1-августта Ульсандан болжол менен 11 миң тонна күйүүчү май жүктөгөнү, бара турган жери Япония деп билдирилгенден кийин Владивостокко барганы айтылды.

Кээ бир өлкөлөрдүн санкциялык тизмесинде турган үчүнчү танкер Чончхон август айынын башында түштүктөгү Йеосу портунун аймагындагы Celeste I танкеринен болжол менен 26 миң тонна күйүүчү май алгандыгы, андан кийин бара турган жерин Сингапур деп көрсөтүп, Владивостокко багыт алгандыгы баса белгиленди.

Финляндияда жайгашкан энергетика жана таза аба боюнча изилдөө борборунун (CREA) аналитиги Исаак Леви Guardianга берген маегинде: "ЕБ тарабынан санкцияланган танкерлердин Түштүк Корея портторунан күйүүчү май жүктөп, Россияга ташып кетиши таң калыштуу. Бул санкциялык режимди жана Түштүк Кореянын Украинага колдоосун алсыратат", - деди.

Guardianдын кабарында айтылган деңиз аналитикалык компаниясы Kplerдин айтымында, бул күйүүчү майды алгандардын арасында Россиянын мамлекеттик көзөмөлүндөгү мунай компаниясы Rosneft да орун алган.

Роснефть Улуу Британиянын, АКШнын, Европа Биримдигинин жана Австралиянын санкциялык тизмесинде.

Иликте
Болгарияда бир нече мекемеге бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүлөр келди
Президент Эрдоган Үй-бүлө фестивалына барды
Aselsan гибриддик абадан коргонуу системалары үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койду
Эл аралык космос конгресси Антальяда башталды
Актриса Анжелина Жоли геноцидчи Израилдин Газадагы кыйратуусунун сүрөттөрүн бөлүштү
Эрдоган: Жылдын алгачкы 5 айында экспорттун рекорддорун жаңыртуу менен тарыхый ийгиликке жетиштик
Түркия ТМУ мүчөлөрү менен 5 жылда 72,2 миллиард долларлык соода жүргүздү
Германиянын канцлери Мерц Украинага барды
Автоунаа тармагы сентябрь айында кайрадан алдыда
Орусия дипломаттарды жана чет элдик жарандарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Стамбул аэропорту Европадагы эң көп жүргүнчү ташыган аэропорт болуп саналат
Эрдоган: Түркия коргоо өнөр жайында "толук өзгөрүүгө жетишүүдө"
Эболадан каза болгондордун саны 4000ден ашты
Түркия менен Франциянын ортосундагы коргоо кызматташтыгында маанилүү кадам
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду