Йылдыз Сириядагы окуяларды талкуулоо үчүн «Жакынкы Чыгыштагы кырдаал» деген аталыштагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде сөз сүйлөдү.
«Көп жылдык катаал чыр-чатактардан кийин 24-декабрдан бери Сирия элинин көрсөткөн туруктуулугу бизге келечекке үмүт берет», - деди Йылдыз жана Сирия туш болгон кыйынчылыктардын масштабына карабастан, ал туура багытта бара жатканын кошумчалады.
Өлкөдөгү нормалдаштыруу процессине карай жасалган жагымдуу кадамдардын айрым мисалдары катары Йылдыз Элдик Ассамблеянын толук кандуу мыйзам чыгаруучу органга айланышын жана Асаддын доорунда түзүлгөн терроризм сотун жоюу боюнча мыйзам долбоорун Ассамблея бир добуштан жактырганын келтирди.
Бирок, Сириянын коопсуздук көйгөйлөрү дагы эле сакталып жатканын белгилеген Йылдыз: «Биз Сирия өкмөтүнүн ДЕАШ террордук уюмун биротоло жеңүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иштөө аракеттерин жана глобалдык коалиция менен кызматташууга болгон милдеттенмесин кубаттайбыз», - деди.
Йылдыз: «Сирия ДЕАШ стратегиясын жергиликтүү жаңы реалдуулукка ылайыкташтырып жаткандыктан, ага бул өнүгүп жаткан коркунучка каршы тура ала турган күчтүү жана кесипкөй коопсуздук институттары керек. Ошондуктан, бул институттардын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо үчүн эл аралык колдоону улантуу абдан маанилүү», - деп билдирди.
«(Израилдин) акылга сыйбаган аракеттери токтотулушу керек»
Израилдин Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн тынымсыз бузуусу өлкөдөгү оң өзгөрүүлөргө доо кетирип жатканын баса белгилеген Йылдыз: «Өзгөчө Сириянын түштүгүндөгү абал тынчсыздандырат. Израилдин аскердик кийлигишүүлөрү, экспансионисттик аракеттери жана ал жердеги согуштар көзөмөлдөн чыгып баратат», - деди.

Йылдыз: «Бул акылга сыйбаган аракеттер токтотулушу керек. Израиль 1974-жылдагы келишимди жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларын, айрыкча 497-резолюцияны толук аткарып, оккупацияланган Сириянын Голан дөңсөөлөрүнөн чыгып кетиши керек»,-деп кошумчалады.
Чек араларын коопсуз кармап, аймактык тынчтыкка жана экономикалык кызматташтыкка салым кошо ала турган туруктуу жана эгемендүү Сирия Израилди кошо алганда, бардыгынын кызыкчылыгына кызмат кылаарын белгилеген Йылдыз: «Түркия Сириянын эгемендүүлүгүнө, саясий биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон милдеттенмесин чечкиндүү түрдө сактайт. Биз туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн Сирия үчүн аймактык жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү улантабыз», - деди.


















