Президенттин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран: "Израиль башкаруучулугунун коркутуулары, провокациялары жана каралоо өнөктүктөрү өлкөбүздүн укук жана адилеттүүлүктү жактаган позициясын өзгөртпөйт", - деди.
Дуран социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Израилдин коргоо министри Исраэл Кацтын президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркияга каршы айткан сыйлабастык сөздөрү Израилде жакындаган шайлоолор алдында башынан өткөрүп жаткан саясий айласыздыктын көрсөткүчү экенин баса белгиледи.
Түркияга каршы негизсиз айыптоолор Израиль башкаруучулугунун Газадагы геноциддик тарыхын жана аймактагы агрессивдүү саясатын жаап-жашыра албай турганына басым жасаган Дуран мындай деп кошумчалады:
"Кацтын ок атышпоо жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкандарга карата ачык өлүм коркутуусу Израиль башкаруучулугунун эл аралык укукту этибарга албагандыгынын жаңы көрүнүшү болуп саналат. Бул жоопкерчиликсиз мамиле эл аралык коомдук пикирди ачык түрдө тоготпогондукту билдирет. Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги астында Түркия Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын, адилеттүүлүктү жана туруктуу тынчтыкты коргоону улантат. Израиль бийлигинин коркутуулары, провокациялары жана каралоо өнөктүктөрү өлкөбүздүн укук менен адилеттүүлүктү жактаган позициясын өзгөртпөйт".





















