Израиль басма сөзүнүн билдиргенине караганда Кац Хамастын Газада оккупацияны улантып жаткан Израиль аскерлерине карата кол салуу боло тургандыгына байланыштуу кабар алгандарын ырастады.
Израиль армиясына эң начар сценарийлерге даяр туруу боюнча тапшырма бергенин билдирген Кац, кандайдыр бир кол салуу болгон учурда Газадагы калктын «ченемсиз кун төлөйт» деп коркутту.
СУНУШТАЛАТ
27-октябрда өткөрүлө турган шайлоо жакындап, Израиль басма сөзү Тель-Авив башкармалыгынын Газа жана Ливанга соккуларын күчөтүп, Иранга чабуул жасоо ыктымалынын бар экендигин белгиледи.
Israel Hayom гезитинин кабарында, Израиль АКШнын катышуусу болбостон Иранга жаңы сокку уруу ыктымалына даярдык көргөнү билдирилген.



















