Рязань облусунун губернатору Павел Малков аймактагы дрон чабуулунан айрым өнөр жай объектилеринде өрт чыгып, бир адам жаракат алганын кабарлады.
Малков жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, түнкүсүн аймактын катуу дрондук чабуулдарга дуушар болгонун айтты.
Дрон сыныктарынын натыйжасында өнөр жай объектилеринде өрт чыкканын маалымдаган Малков, электр линияларынын зыян тартканын жана Рязандын айрым жерлеринде электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Малков чабуулдан бир адам жаракат алганын, айрым үйлөр жабыркаганын, бир мектептин терезелери сынганын жана аймакта зыянды баалоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Роснефттин маалыматтарына караганда, Орусиянын алдыңкы мунай иштетүүчү ишканаларынын бири болгон Рязань мунай иштетүүчү заводунун жылдык мунай иштетүү кубаттуулугу 17 миллион тоннадан ашат. Завод бензин, дизель жана авиациялык күйүүчү май өндүрөт.



















