ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Ирандын тышкы иштер министри Аракчи: "Нетаньяху түрмөгө түшпөө үчүн АКШны согушка сүйрөп жатат"
Нетаньяху: "Биздин план (Ирандагы) режимдин кулашына алып келүүчү абдан комплекстүү жана чечкиндүү план", - деп айткан.
Ирандын тышкы иштер министри Аракчи: "Нетаньяху түрмөгө түшпөө үчүн АКШны согушка сүйрөп жатат"
Аракчи: "Нетаньяху түрмөгө түшпөө үчүн АКШны согушка сүйрөп жатат"

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну түрмөгө түшпөө үчүн АКШны Иран менен дагы бир согушка сүйрөп жатат деп айыптады.

Аббас Аракчи Нетаньяхунун Иранга каршы билдирүүлөрүнө X социалдык медиа платформасындагы аккаунтунда жооп кайтарды.

Ирандык министр: "Нетаньяху түрмөгө түшпөө үчүн Израиль жана АКШнын президенти үчүн ыктымалдуу кесепеттерди эске албай АКШны жаңы согушка сүйрөп жатат", - деп билдирди.

Ирандын ишин бүтүрүү үчүн жасалган чабуулдардан Иран күчтүүрөөк болуп чыккканын жактаган Аракчи: "Дагы бир жолу бактыңызды сынап көргүңүз келеби? Уланта бериңиз, аракет кылыңыз. Бирок этият болуңуз; биздин да бүтпөгөн иштерибиз бар", - деди.

The Times of Israel гезитинин маалыматына караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 27-октябрдагы шайлоолор "экзистенциалдык мааниге ээ" деп жарыялаган коопсуздук доктринасында "Иран режимин кулатуу" темасына токтолгон эле.

Ирандын "начарлап бараткан экономикасы коомдук кысымды күчөтүп, жаңы нааразычылык акцияларына алып келиши мүмкүн" деген Нетаньяху: "Биздин план - режимди кулатуу үчүн абдан комплекстүү жана чечкиндүү план. Бул мен бардык коопсуздук органдарына берген көрсөтмө", - деп билдирген.

Иликте
Ирандын Революциялык гвардия корпусу: "Ормуз кысыгында АКШнын MQ-9 дронун атып түшүрдүк"
АКШнын айрым штаттарында орто мөөнөттүү шайлоолорго мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
АКШнын коргоо министри Израилге күтүүсүз сапары учурунда Нетаньяху менен жолугушту
Израиль Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 183 акр жерди тартып алды
Бангладеште кызамыкка окшош симптомдор улам 1201 бала каза болду
Йемен армиясы: "1164 операцияда 558 хусит таасирсиз кылынды"
Миландан Жиддага учуп бара жаткан учак бомба коркунучунан улам Римге шашылыш конду
Колумбияда мыйзамсыз алтын кенинде шахта урап, 14 адам каза болду
Судан: Автобус аялдамасына дрондук кол салуудан 80 адам каза тапты
Министр Фидан сауд кесиптеши менен сүйлөштү
Болгариянын премьер-министри Радев Кытайдын тышкы иштер министри Ванды кабыл алды
Түркия Диянет Фонду Керкүктөгү муктаж балдарга жардам көрсөттү
Израилдин Газага кол салууларынан дагы беш палестиналык каза болду
АКШнын мамлекеттик катчысы Рубио Самаркандда өзбек кесиптеши Саидов менен жолугушту
Таиландда суу ташкындары акыркы бир айда 80 адамдын өмүрүн алды