Франция өкмөтү июнь айында өлкөдө болгон ысык толкун учурунда бир жумада мурдагы жылдардын орточо көрсөткүчүнөн 2 миңден ашуун "ашыкча өлүм" катталганын билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри Стефани Рист басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, 22-июнь аптасында катталган өлүмдөрдүн саны андан мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайызга өскөнүн белгиледи.
Министр Рист 22-28-июнь аралыгында өлкөнү каптаган ысык толкундан улам 2025 өлүм катталганын, бул мурунку жылдардагы орточо көрсөткүчтөн ашып кеткенин жарыялады.
Июнь айында Францияны эки жумага жакын каптаган ысык толкун транспорт жана саламаттыкты сактоодон баштап билим берүү жана өндүрүшкө чейинки көптөгөн тармакка терс таасирин тийгизди. Бир гана борбор шаар Парижде 26-июнда ысыктан 109 адам каза болгон.
Кийинки жумадан тарта жаңы ысык аба толкун бүтүндөй өлкөнү каптай турганы күтүлүүдө.


















