28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулунда өлтүрүлгөн Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеинин табыты коштошуу зыйнаты үчүн борбор калаа Тегеранга алып барылды.
Хаменеинин өлтүрүлүшү Жакынкы Чыгышта бир нече жумага созулган жаңжалга жана чыңалуунун күчөшүнө алып келди.
Жума күнкү расмий аземге Орусия, Кытай, Индия жана Грузия сыяктуу 30дан ашык өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин да ишемби күнкү сөөк коюу зыйнатына катышаары күтүлүүдө.
Ирандын Революциялык гвардия корпусунун башкы командири жана Ирандын АКШ менен сүйлөшүүлөрдөгү позициясын калыптандырууда маанилүү роль ойногон генерал Ахмад Вахиди Хаменеинин табытынын жанында турганда сүрөткө түштү.
Можтаба Хаменеи атасынын өлүмүнөн кийин Ирандын үчүнчү Жогорку лидери катары кызматты өткөрүп алды.
Хаменеи менен коштошуу зыйнаттары алгач Тегеранда жана Кумда, андан кийин Ирактын ичинде Багдад, Нажаф жана Кербалада өтөт. Сөөк коюу зыйнаты болсо 9-июлда Мешхеддеги Имам Али Реза күмбөзүндө ишке ашат.
Ошол эле учурда Иран менен АКШ Пакистан менен Катардын ортомчулугунда Дохада бир катар кыйыр сүйлөшүүлөрдү аякташты.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты - июнь айында макулдашылган 60 күндүк ок атышпоону бекемдөө жана жаңжалды биротоло токтотуу үчүн алкак түзүү.

















