Президент Режеп Таййип Эрдоган Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүдө Түркия менен Индонезиянын ортосундагы мамилелер, аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган эки өлкөнүн эл аралык платформалардагы тилектештигине канааттанганын билдирип, муну улантуунун Түркияга да, Индонезияга да пайда алып келерин айтты.
Эрдоган көптөгөн тармактарда, айрыкча соода жана коргоо өнөр жайында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул багытта кадамдарды уланта берерин билдирди.
Президент Эрдоган ошондой эле Субиантону 9-20-ноябрь күндөрү Антальяда өтө турган COP31 лидерлер саммитине чакырды.




















