Киев ишемби күнү Россиянын Украинага 528 сөөктү кайтарып бергенин жарыялады, алардын кагылышууда каза болгон украин жоокерлери экени аныкталды — бул согушуп жаткан коңшулардын ортосундагы кызматташтыктын бир нече багыттарынын бири.
Украинанын Аскер туткундары боюнча борбору социалдык тармактардагы баракчасында: "Жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында 528 адамдын сөөгү Украинага кайтарылды; Россиянын маалыматы боюнча, булар украиналык аскерлер болушу мүмкүн", — деп билдирди. Бирок борбор сөөктөрдүн так кайсы убакта кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат бөлүшкөн жок.
Россия менен Украина өз ара 205тен аскер туткундарын алмашкандан бир күн өткөндөн кийин жасаган билдирүүсүндө аталган борбор, тергөөчүлөр менен эксперттер "кайтарылган сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо үчүн зарыл болгон бардык кадамдарды жасашарын" маалымдады.
Өткөн жума күнү АКШ Президенти Дональд Трамп кагылышууда ишемби күндөн дүйшөмбү күнгө чейин үч күндүк ок атууну токтотуу режими жарыяланганын жана эки тараптан тең 1000ден туткун кайтарыларын жарыялаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү туткундарды алмашуу Трамп жарыялаган алмашуунун биринчи этабы болгонун ырастады.
Россиянын Украинага каршы чабуулдары башталгандан бери төрт жылдан ашык убакыт өтсө да, туткундарды алмашуу жана курман болгон жоокерлердин сөөктөрүн кайтарып берүү Москва менен Киевдин ортосундагы саналуу гана кызматташтык тармактарынын бири бойдон калууда.













