Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү элчи Ахмет Йылдыз Грециянын "Түрк кысыктары" деген терминди колдонууга каршылыгын четке каккан кат жазып, Грециянын бул позициясы "ички саясий кызыкчылыктарга кызмат кылууну көздөгөнүн" белгиледи.
Ахмет Йылдыз 8-майда БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутеррешке жана Коопсуздук Кеңешинин кезектеги төрагасы Фу Цунга жолдогон катында Грециянын Коопсуздук Кеңешинин 29-апрелдеги акыркы жыйынындагы каршылыгы "көңүлдөрдү талкууланып жаткан маанилүү маселелерден башка жакка бурганын жана жыйындын максаттарына салым кошуунун ордуна, ички саясий кызыкчылыктарга кызмат кылууну көздөгөнүн" айтты.
Йылдыз катында: "Түркия Грециянын негизсиз дооматтарын чечкиндүү түрдө жана толугу менен четке кагат. Кеңири колдонулган географиялык терминди саясатташтыруу аракеттери конструктивдүү диалогго, аймактык туруктуулукка же 1936-жылкы Монтрё келишиминин режимин туура түшүнүүгө салым кошпойт", - деди.
Элчи "Түрк кысыктары" термини Түркиянын эгемендүүлүгү астындагы Стамбул жана Чанаккале кысыктарын жалпылап түшүндүргөн "отурукташкан географиялык түшүнүк" экенин белгиледи.
Катта: "Түрк кысыктары" деген термин сүрөттөмөлүү, географиялык жактан так жана Монтрё келишиминин колдонулушуна толук шайкеш келет", - деп айтылды.
"Түрк кысыктары" термини Эл аралык деңиз уюмунун (IMO) жана НАТОнун чечимдери жана документтери менен бирге көптөгөн эл аралык документтерде салттуу жана ырааттуу түрдө колдонулуп жатканына токтолгон Йылдыз, Грециянын башка терминологияны таңуулоо аракеттерин "тарыхый эңсөөлөрү" менен гана түшүндүрүүгө болорун белгилеп, мындай аракеттер суу жолдорунун укуктук же саясий статусун өзгөртө албастыгын кошумчалады.
Кат Грециянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде “деңизчилик тармагындагы чуу жолдорунун коопсуздугу жана коргоого алынышы” тууралуу бир жыйында Йылдыздын Стамбул жана Чанаккале кысыктарын “Түрк кысыктары” деп аташына нааразычылык билдиргенден кийин келди.
Кеңешке берилген дагы бир билдирүүдө Греция "Түрк кысыктары" деген терминдин "1936-жылдагы кысыктар режими боюнча Монтрё конвенциясына карама-каршы келерин" жактады.
Греция келишимде колдонулган терминологиянын бир гана “кысыктар” экенин айтты.















