Ирактын премьер-министри Али аз-Зейдинин көзөмөлү жана карамагы астында Синжардагы ПКК террордук уюмунун бир тармагы болгон «YBS» тобу куралын таштап, Ирак армиясына кошулаары кабарланды.
Ирактын расмий маалымат агенттиги INA жарыялаган билдирүүдө Ирактын премьер-министринин аскердик өкүлү Сабах аль-Нуман бул топ менен Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы аскердик байланыштарды кайра түзүү процесси бүгүн жүргүзүлөрүн жана бул элементтер Ирактын коопсуздук мекемелерине кошулаарын билдирди.
Нуман бул кадамдын алкагында Синжар тоолорундагы коопсуздук үчүн жоопкерчилик федералдык өкмөттүн тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилерин белгилеп, бул кадам Ирак өкмөтүнүн курал-жарактарды мамлекеттик көзөмөлгө алуу программасы жана саясатынын алкагында жасалганын кошумчалады.
Нуман бул Синжар районундагы коопсуздук жоопкерчилиги жагынан жаңы доордун башталышын белгилей турганын айтты.
Нуман Ирактын Конституциясы Куралдуу күчтөрдөн тышкары аскердик топторду түзүүгө тыюу саларын белгиледи.



















