Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсүнө багытталган "Экономикалык “D-Day операциясы” Вашингтондун карыздын жана пайыздык чыгымдардын өсүшүнөн келип чыккан өзүнүн экономикалык кризисин жашыруу аракети экенин жактады.
Аббас Аракчи социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө "Экономикалык "D-Day" деп мүнөздөлгөн демилге "АКШнын болуп көрбөгөндөй карыздан жана пайыздык чыгымдардын өсүшүнөн келип чыккан өзүнүн кризисин жашыруу аракети" экенин айтты.
АКШнын ийгиликсиз саясатын улантуусу Вашингтонго "дагы көп жеңилүүлөрдү" алып келерин жактаган Аракчи, мунун ирандыктардын АКШга карата душмандыгын дагы да күчөтөрүн белгиледи.
Аракчи: "АКШнын экономикалык терроризми дүйнөлүк экономикага жана анын дүйнө жүзү боюнча үстөмдүгүнө коркунуч келтирет", - деп билдирди.
АКШнын президенти Трамп Иранга каршы "кайсы бир өлкөгө карата колдонулган эң комплекстүү экономикалык операцияны" баштай турганын жарыялап, "Иран менен экономикалык мамилелерин уланткан өлкөлөр да оор экономикалык кесепеттерге туш болорун" айткан.




















