Украиналык жетекчилер өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарында орус дрондору автобуска кол салып, эки адам каза болуп, жети адам жаракат алганын билдирди.
Облустун губернатору Александр Прокудин Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө жабыркагандардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматкерлер экенин билдирди.
Прокудин окуя болгон жерден бөлүшкөн видеодо терезелери талкаланган автобусту жана жерде жаткан канга боёлгон адамдын сөөгүн көрсөттү.
Украинанын Адам укуктары боюнча акыйкатчысы Дмитрий Лубинец Telegram баракчасынан: «Мындай чабуулдар жарандарга каршы системалуу террордук саясаттын бир бөлүгү», — деп билдирди.
Орус күчтөрү басып алган жалгыз аймактык борбор болгон Херсон шаары 2022-жылы украин аскерлери тарабынан бошотулган бирок шаар барган сайын Днепр дарыясынын аркы өйүзүндөгү орус күчтөрүнүн чабуулдарына дагы көп дуушар болууда.
Акыркы бир нече айдан бери дээрлик күн сайын орус чабуулдарынын бутасына айланган Одесса облусу да түн ичинде соккуга кабылды. Облус губернатору Олег Кипер Telegram баракчасынан билдиргендей, порттогу кампа жана тегеректеги имараттар жабыркаган.
Украинанын аба күчтөрү Россия түн ичинде учурган 163 алыс аралыкка учуучу дрондун 142син атып түшүргөнүн жарыялады.














