Кечээ 113,81 долларга чейин көтөрүлгөн Brent маркасындагы мунайдын баррел баасы күндү 110,44 доллар менен аяктаган.
Бүгүн саат 09:31ге карата Brent мунайынын фьючерстик баасы мурунку жабылышка салыштырмалуу 3,34 пайызга өсүп, 114,13 долларды түздү. Ошол эле мүнөттөрдө WTI (Batı Teksas) үлгүсүндөгү чийки мунайдын баррели 110,20 доллардан сатылууда.
Баалардын жогорулашына АКШ менен Ирандын өз ара катуу билдирүүлөрү аймактагы чыңалуунун уланары жана дүйнөлүк мунай өткөрүүдөгү тартыштыктын уланары тууралуу күтүүлөрдү күчөтүүсүтаасирдүү болууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШнын тынчсыздануусун жок кыла турган келишим кабыл алынганга чейин бул өлкөгө карата деңиз блокадасын улантарын белгиледи.
Америкадагы "Axios" кабар платформасына телефон аркылуу маек берген президент Трамп Ирандын "алгач Ормуз кысыгы ачылсын, өзөктүк келишим кийинкиге калтырылсын" деген акыркы сунушун кабыл албагандарын билдирди.
Иран портторуна карата деңиз блокадасы улана берерин айткан Трамп: "Ирандыктар келишим түзүүнү каалап жатышат. Алар мен блокаданы токтотушумду каалашат. Бирок мен (блокаданы жоюну) каалабайм, анткени алардын өзөктүк куралга ээ болушун каалабайм", — деди.
АКШ менен Ирандын ортосунда 8-апрелде жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминен кийин Пакистандын арачылыгы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр натыйжа бербегендиктен, Трамп 13-апрелде Иранга «деңиз блокадасы» киргизүү чечимин кабыл алып, Ормуз кысыгына кирип-чыгып жаткан Иранга байланыштуу кемелерге кийлигише баштаган.










