Тышкы иштер министри Хакан Фидан Орусияга расмий сапарынын алкагында президент Владимир Путин тарабынан кабыл алынды.
Түрк дипломатиялык булактарынан алынган маалыматка караганда Путин Фиданды Орусиянын Казан шаарында кабыл алды.
Жыйынга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков да катышты.
Кремль жыйындын ачылыш сөзүнүн корутундусун жарыялады, анда Путин Москва менен Анкаранын ортосундагы "тынымсыз өнүгүп жаткан" мамилелерди баса белгилеп, буга абдан канааттанганын билдирди.
Путин өлкөлөр ортосундагы байланыштар чындап достук мамилеге айланганын жана күндөн-күнгө жаңы мазмундар менен кеңейип жатканын айтты.
Кремль Эрдогандын ролун жогору баалады
Бул абалдын көбүнчө Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынган мамиледен улам болгонун баса белгилеген Путин Фидандан Эрдоганга жакшы каалоо-тилектерин жана аны Орусияда көрүүдөн ар дайым кубанычта болоорун айтуусун өтүндү.
Владимир Путин: «Бүгүнкү иш-чаранын алкагында сиздер менен жолугуп, өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканыма кубанычтамын», - деди.
Тышкы иштер министри Фидан да Путинге президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын жолдоп: "Аймагыбызда жана дүйнөдө абдан маанилүү окуялар болуп жатат. Белгилүү көйгөйлөр боюнча сиздердин пикириңиздер маанилүү. Талкуулана турчу көптөгөн маселелерибиз бар. Эки күндөн бери абдан тыгыз жолугушууларды өткөрүп жатабыз, көптөгөн темаларда кеңири пикир алмаштык",- деди.












