Украинанын Өзгөчө операциялар күчтөрү кечээ Ямал-Ненец автономдук округундагы Новый Уренгой жана Пуровский газ конденсатын кайра иштетүүчү заводдоруна сокку урулганын билдирди.
Билдирүүдө дрондор бутага алынган объектилерге сокку уруу үчүн 3000 чакырымдан ашык аралыкты басып өткөнү жана бул Украина армиясынын согуш башталгандан бери Россиянын объектилерине жасаган эң алыс аралыктуу чабуулду ишке ашырганы белгиленди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский да Украина атайын операциялык күчтөрүнүн билдирүүсүн кайрадан бөлүшүп : «Бул тактык жана алыскы аралыкка сокку урууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн рахмат. Россиянын согушуна толук негиздүү жана ал чындап сезе тургандай жооп кайтаруу маанилүү. Ар бир чабуул Россиянын дипломатия үчүн зарыл чечимдерди кабыл алуусун кечеңдетүү мүмкүнчүлүгүн азайтат», — деп жазды.


















