Түркиянын коргоо өнөр жайы компаниясы ASELSAN тарабынан иштелип чыккан ГӨКАЛП учкучсуз учуучу аппаратка (УУА) бөгөт коюучу системасы, радар жана электро-оптикалык системалар менен коркунучтарды аныктап, душмандын учкучсуз учуучу аппараттарын кармоочу дрондор менен бирге автономдуу түрдө жок кылууда.
ASELSAN түрк NSosyal социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, ата мекендик өндүрүштөгү ГӨКАЛП системасы унааларга интеграцияланган дизайнынын негизинде толугу менен мобилдүү жана үнөмдүү учкучсуз учуучу аппараттан коргонуу калканын камсыз кылганын билдирди.
Компаниянын Огулбей технологиялык базасында ГӨКАЛП системасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн сыноо өткөрүлдү.
Сыноо учурунда AURA радары бутага алынган учкучсуз аппаратты аныктады, ал эми DRONEDEF системасынын башкаруу көзөмөл программасы реалдуу убакыттагы маалыматтарды ГӨКАЛП E1 кармоочу учкучсуз учуучу аппаратка өткөрүп берди.
ГӨКАЛП E1 бутага алынган учкучсуз учуучу аппаратты абада түз атып жок кылды. Ушундайча "hit-to-kill" деп аталган түз сокку уруу ыкмасы ийгиликтүү колдонулду.
Бул сыноо системанын ар кандай компоненттери интеграцияланган түрдө иштей аларын жана талаа шарттарында буталарга натыйжалуу бөгөт кое аларын дагы бир жолу көрсөттү.
5-октябрда ASELSAN Коргоо өнөр жайы башкармалыгы менен гибриддик абадан коргонуу системаларын сатып алуу үчүн 2,75 миллиард долларлык келишимдерге кол койгон.






















