ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Пекиндеги адам өмүрүн алган кырсыктан кийин Кытайда жеңил учактардын каттамдары чектелди
Жума күнү Пекиндин эң бийик имаратына кичинекей учак кулап, бир учкуч каза болуп, 13 адам жаракат алды.
Пекиндеги адам өмүрүн алган кырсыктан кийин Кытайда жеңил учактардын каттамдары чектелди
2026-жылдын 27-июнунда Пекиндеги CITIC Tower мунарасына кичинекей учак урунгандан кийинки жабыркаган бөлүгү көрүнүп турат. / AP

Улуу Британияда чыгуучу Financial Times гезитинин дүйшөмбү күнкү маалыматына ылайык, өткөн аптада кичинекей учак Пекиндин эң бийик имаратына кулагандан кийин Кытай жеке авиация операторлоруна жеңил канаттуу учактарды учурууга чектөө койду.

Учактын жума күнү Цинь Цзун деп да аталган CITIC мунарасына кулап, учкуч каза болуп, 13 адам жаракат алган.

Үч кичинекей пропеллерлүү учак операторуна жана планёр компаниясына шилтеме жасалган кабарда окуядан кийин алардын каттамдары токтотулганы билдирилди.

Кабарда ошондой эле көңүл ачуу максатындагы учууларды камтыган улуттук аба мейкиндигин көзөмөлдөө буйругунун алкагында парашюттан секирүү жана парапланда учуу кызматтары да убактылуу токтотулганы айтылды.

Чектөөлөрдүн мөөнөтү тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Кырсыкка учураган учактын Кытайда өндүрүлгөн, эки кишилик жеңил спорттук "Sunward SA60L Aurora" модели экени аныкталды.

Окуя болгон жерден алынган кадрларда, кагылышуудан кийин 528 метрлик мунарадан ылдый көздөй сыныктар кулап жатканын, ал эми учактын куйрук тарабы жерде калганын көрүүгө болот.

Пекиндеги жергиликтүү бийликтери окуянын себебин аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатканын билдиришти.

Flightradar24 учууну көзөмөлдөө кызматына шилтеме жасап, билдирүүдө окуядан кийин ишемби күнү Кытайда жүк ташуу жана коммерциялык авиациядан тышкары аба каттамдары кескин төмөндөгөнү айтылган.

Ушул жылдын башында Пекин бийлиги борбор калаанын көпчүлүк бөлүгүнүн үстүнөн дрондордун учушуна тыюу салган жаңы эрежелерди киргизген.

Иликте
Россия Украинанын дрондоруна каршы жасалма интеллекттүү абадан коргонуу системасын жайгаштырат
Трамп: "Иран менен эртең Дохада жолугушуу болот"
Катарда тоңдурулган 12 миллиард долларлык активдердин 6 миллиард доллары Иранга кайтарылат
Сауд Арабиясында Aramco компаниясынын тик учагы кырсыкка учурап, 14 адам каза болду
Ооганстан менен Пакистанда катуу жер титирөө болду
Киев баллистикалык ракеталык чабуулга кабылды; Орусиянын мунай иштетүүчү заводуна сокку урулду
Орус ракеталары жана дрондору Украинадагы Нафтогаз энергетикалык заводдорун бомбалады
Буркина-Фасо Франция менен диплоаматиялык карым  - катнаштарын үздү
НАТО Парламенттик саммитине 20 парламент спикери катышат
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 900дөн ашты, издөө-куткаруу иштери уланууда
Ормуз кысыгынан бардык түрк желектүү кемелер менен бирге 100дөн ашуун кеме эвакуацияланды
Түркия менен Словения эки тараптуу карым - катнаштарды бекемдөө боюнча чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты
Түркиядан Венесуэлага кызмат көрсөтүү жана гуманитардык жардам топторун ташыган учак жолго чыкты
Түркияда жергиликтүү өндүрүштөгү жүрөк-өпкө аппаратын колдонуу менен алгачкы операция жасалды
Казакстан Карачаганак кениндеги өндүрүштү азайтты