Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар армиянын коргоосу астында басып алынган Батыш Шериада мечитти жана унааны өрттөштү.
Палестинанын Дубалга жана конуштарга каршы туруу комитетинин социалдык тармактагы билдирүүсүндө израилдиктер палестиналыктардын диний жайларын жана мүлкүн бутага алып жатканы айтылды.
Билдирүүгө ылайык, израилдик радикалдар Иерусалимдин түндүк-батышындагы Михмас айылында мечитти жана палестиналыктарга таандык унааны өрттөшкөн.
Израиль 2023-жылдын октябрында Газа тилкесине чабуулдарын баштагандан бери басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Иерусалимде палестиналыктарды камакка алуу, рейддерди жүргүзүү жана аларга кол салуу учурлары көбөйдү.

























