Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясы хуситтер тарабынан өлкөнүн Аль-Харж провинциясына учурган ракетаны тоскоол болгонун билдирди.
Коалициянын басма сөз катчысы, генерал-майор Турки аль-Малики социалдык тармактагы билдирүүсүндө хуситтер борбор шаар Эр-Рияддын түштүгүндөгү Аль-Харж провинциясын ракета менен бутага алганын маалымдады.
«Коргонуу системалары хуситтер Аль-Харж провинциясынын асманында учурган ракетаны аныктап, таасирсиз абалга алып келди», — деди Турки аль-Малики.
Йеменде өкмөттүк күчтөр менен хуситтердин ортосундагы кагылышуулар акыркы мезгилде күчөп, хуситтер өздөрүнө кол салуу болгонун билдирип, Саудия Арабиясын баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учактар менен бутага алууда.
2014-жылдын сентябрында хуситтер борбор шаар Сананы жана бир катар провинцияларды басып алгандан бери Йеменде жарандык согуш уланууда.
Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясы 2015-жылдын март айынан бери Йемендин эл аралык деңгээлде таанылган өкмөтүн колдоп жатат.




















