Орусия Украинанын борбору Киевдеги жана Киев менен Харьков облустарындагы энергетикалык жана байланыш инфраструктурасына ири чабуул койду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, орус армиясы түн ичинде жерден атылган жогорку тактыктагы куралдар жана алыскы аралыкка жетүүчү куралдуу пилотсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасап, Украин армиясы жана аскердик-өнөр жай объектилери тарабынан колдонулган энергетикалык жана байланыш инфраструктурасы бутага алынганы кабарланды.
Билдирүүдө Киевде орус армиясы жөнүндө чалгындоо маалыматын чогултуу максатында интернет көрсөткүч трафиги жөнөтүлгөндүгү айтылган "АТМ Укрсиббанк" маалыматтарды иштетүү борборуна жана аскердик-өнөр жай объектилерин электр энергиясы менен камсыз кылган Дарница (ТЭЦ-4) жана Киев (ТЭЦ-5) жылуулук электр станцияларына сокку урулганы белгиленди.
Киев аймагында болсо аскердик логистикалык объектилерди электр энергиясы менен камсыз кылган Киев (ТЭЦ-6) жылуулук электр станциясы, Триполе жылуулук электр станциясы жана Киев электр көмөкчордону бутага алынды. Харьковдо жана анын айланасында Харьков (ТЭК-5) жана Змевская жылуулук электр станциялары да соккуга кабылды.
Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн бүгүн эртең мененки саат 8ге чейин Орусиянын абадан коргонуу системалары ар кайсы аймактарда, негизинен Москвада жана анын тегерегинде 902 украиналык учкучсуз учуучу аппаратты жок кылганы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
Ошол эле учурда, Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршемби күнү Украинада 600 000 адамды электр жарыгысыз калтырган ири масштабдуу орусиялык чабуулдар Москванын мурда "энергетикалык тынчтык келишимин" сунуштаган АКШны "ачыктан-ачык этибарга албай жатканын" көрсөтүп турганын айтты.
Украинанын президенти Зеленский X платформасындагы билдирүүсүндө "АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган ок атышпоонун алкагындагы инфраструктураны, башкача айтканда, энергетикалык инфраструктураны бутага алган Орусиянын баллистикалык ракеталык чабуулдарын камтыган операцияны" катуу сынга алды.
Зеленский: "Бул операция толугу менен атайылап жасалган жана анын масштабы көп нерсени билдирет; Орусия мурда эч качан АКШны мынчалык ачыктан-ачык этибарга алган эмес", - деди.




















