Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Индиянын чыгышындагы Бихар штатында Ганг дарыясында жүргүнчү ташуучу кайык оодарылып, кеминде 13 адам каза болду. Алардын баары 15 жашка чейинки балдар экени белгиленди.
Коңшу айылдагы майрамдык иш-чарага жана фестивалга бара жаткан 15–20 жүргүнчүсү бар кайык шейшемби күнү кечинде Вайшали районунда оодарылган.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, окуя болгон жерге жөнөтүлгөн куткаруу топтору дарыядан 13 адамдын сөөгүн алып чыгышкан, ал эми 6–7 жүргүнчү тирүү куткарылган.
Сингхтин айтымында, 13 адамдын сөөгү табылган бирок жүргүнчүлөрдүн так санын аныктоо жана кайыктагы ар бир адамдын абалын билүү үчүн издөө иштери уланууда.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнөрүн жарыялады.
Моди X платформасындагы билдирүүсүндө: «Оор учурда жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөм. Жаракат алгандардын баарынын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Жергиликтүү бийлик кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатат», — деди.
Бихар штатынын вице -премьер - министри Самрат Чоудхари окуяны «жүрөк ооруткан» кырсык деп мүнөздөдү.
Чоудхари X платформасындагы билдирүүсүндө: «Вайшали районунун Рагхупур аймагындагы кайык кырсыгында бейкүнөө адамдардын каза болгону тууралуу кабар абдан кайгылуу. Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бул оор жоготууну көтөрүүгө күч-кубат берсин», — деп жазды.



















