ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
АКШнын президенти Трамп Овал кабинетинде саламаттыкты сактоо тармагы боюнча өткөн басма сөз жыйынынан кийин учурдагы окуялар боюнча комментарий берди.
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Трамп (AP)

Трамп Кытайдын төрагасы Си менен "абдан жемиштүү" сүйлөшүү өткөрүүдөн үмүттүү.

23-сентябрда Кытайдын төрагасы Си менен жолугушуу өткөрөрүн айткан Трамп жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

"Биз абдан мыкты жолугушуу өткөрөбүз. Кытай менен жакшы карым - катнаштабыз. Президент Си менен жакшы мамиледебиз", - деген Трамп бул өлкө менен бир гана жасалма интеллект тууралуу эмес, бир топ темада сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөрүн айтты.

Негизги темалар

Трамп Кытайга жогорку тарифтерди киргизгенин жана алар бул маселени чечерин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы тарифтер негизги тема болорун билдирди.

Бир тараптан Трамп үч АКШ маалымат каражаттарына киргизген тыюу салууга байланыштуу бир журналисттин "Кытай дүйнөдө журналисттерге эң көп кысым көрсөткөн өлкөлөрдүн бири. Сиздин бул чечимиңиз кандай билдирүү берет?",- деген суроосуна: "Биз дагы кысым көрсөтүүдөбүз. Бизде жасалма маалымат медиасы бар", - деп жооп берди.

Трамп андан киийн сөздөрүн: "Биз кысым көрсөтпөйбүз, бирок бизде жасалма маалымат медиасы бар", - деп оңдоду.

Иликте
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
БУУ: «АКШнын Иранда согуш кылмышын жасаганына карата негиздүү жүйөлөр бар»
АКШлык дипломаттардын хуситтер менен Кызыл деңиздеги чыңалууну талкуулашканы айтылды
Армениянын премьер-министри Пашинян: "Бизге Россиянын аскердик базасынын кереги жок"
Украина орусиялык дрон Танзаниянын желеги илинген кемеге кол салып, капитан каза болгонун билдирди
Түштүк Африкадагы сериялык киши өлтүрүүлөр: сөөгү табылган аялдардын саны 9га жетти
Ок атышпоо келишимине карабастан Израилдин Газага чабуулдарынан беш адам каза болду
УКМ:«Мейстин аскердик эмес статусуна каршы келген иш жүзүндөгү абал түзүүгө жол берилбейт»
Йемен АКШны хуситтерди колдоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды