Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын сүйлөшүүлөрдү каалабай жатканын айтып, Киевдин тынчтык жана сүйлөшүүлөрдү болтурбоо үчүн «колунан келгендин баарын жасап жатканын» билдирди.
Жыйында сөз сүйлөгөн Путин сырткы коркунучтардын көбөйгөнүн белгилеп: “НАТО кеңейүү менен дүйнөнүн башка аймактарына да кирип жатат”, — деди.
Путин айрым европалык лидерлердин Россия менен согушка даярданып жатышканы тууралуу билдирүүлөрдү жасашканын эске салып буларды айтты: “Менин оюмча, алар экономикалык жана социалдык саясатындагы катачылыктарын жашыруу менен төмөндөп жаткан коомдук колдоону калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат. Бирок муну ийгиликтүү деп айтууга болбойт, бул натыйжа бербей жатат. Бул лидерлер шайлоолордо Россия менен согушту каалабастыгын билдирген өз жарандарын угуунун ордуна, чыңалууну курчутууну улантууда, бул үчүн Украинадагы кырдаалды жана украиндерди жем катары колдонууда”.
«Европа өлкөлөрү Украинадагы согуштан улам чыгымдарды актоо үчүн ар кандай аракеттерге барып жатканын айткан Путин: “Алардын алдыга жылдырган негизги тезистеринин бири — ойдон чыгарылган Россия коркунучу. Россиянын Европага же европалык өлкөлөргө кол салуу ниети жок. Бул үчүн эч бир негиз жок. Европадагы коңшуларыбыз менен кызматташууга жана карым - катнаштарды кайрадан калыбына келтирүүгө даярбыз”, — деди.
"Киев өкмөтүнүн сүйлөшүү жүргүзүү ниети жок."
Путин Украинада шайлоонун өткөрүлө албаганын айтып, Киев жетекчилиги бул маселеде шашпаганын жана Россиядагы шайлоолорго да тоскоолдук кылууга аракет кылганын айтты.
Владимир Путин: "Киев өкмөтүнүн өкүлдөрү тынчтык жөнүндө сүйлөшүүдө, сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону сунуштап жатышат, бирок алар кылмыш жасоо менен тынчтыкка жана сүйлөшүүлөргө жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат. Алар сүйлөшүүнү каалашпайт", - деди.






















