ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Израилдин Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган аскердик операциялары олуттуу адамдык жана каржылык жоготууларга алып келди.
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
«Аскерлердин кескин жетишсиздигинен улам, Израиль армиясы алардын негизги укуктарын бузууга жана аларга өргүү берүүдөн баш тартууга даяр», — деп айтылат баяндамада.

Израиль гезити “Маарив” Израиль армиясынын үч жылдык согуштан кийин “олуттуу аскер жана аскердик техниканын кыйынчылыгы менен” бетме - бет экендигин жана аскерлердин өргүүсүн токтотууга даярдангандыгын билдирди.

Гезти: “Израиль армиясындагы олуттуу аскердик саны жетишсиз болгондуктан армия аскерлердин негизги укуктарын бузууга жана өргүүлөрүнө уруксат бербегенге даярданып жатат”,- деп билдирди.

“Маарив” гезити кызматкерлердин жетишсиздигинен улам 2023-жылдын октябрь айында Газа бөлүмүндө чалгындоо катары кызмат кылган подполковник Анын “кызматынан улам командирлик жоопкерчиликти тартат” деген жүйө менен кызматынан бошотулганын билдирди.

Гезит : “Израиль армиясынын танк жана бронетранспортерлору жетишсиз" деп үч жылдык согуштун унааларды эскиртип, жүздөгөн унааларга зыян келтиргенин белгилеген.

“Маарив” :”Саясий себептерден улам каржы министри Бецалел Смотрич Израиль армиясынын бюджетин кыскартып арыздар менен алектенип, оппозиция да жоопкерчиликсиз балдар сыяктуу өзүнүн ички чыр-чатактары менен күрөшүүдө", - деп билдирди.

Шейшемби күнү Израилдин Channel 12 телеканалы армиянын АКШнын Boeing компаниясынан 12 Apache чабуулчу тик учактарын сатып алууну пландаштырып жатканын, анткени камсыздоо бюджети жетишсиз экенин билдирди.

Билдирүү Нетаньяху мурунку күнү кезектеги сүйлөшүүдө оппозиция лидери Яир Лапидди аскердик сатып алуулар үчүн бюджетти көбөйтүү боюнча кызматташууга көндүрө албагандан кийин жасалды.

Израиль армиясы акыркы үч жылда  2023-жылдын октябрь айында башталып, ар кандай формада уланып жаткан Газа согушу да болгон жалпы аймакта  согуштарды жана аскердик операцияларды жүргүздү.

Израиль өзгөчө Ливан жана Иран менен согушуп, оккупация астындагы Батыш Шериа жана Сирияда чабуулдарын улантты.

Бул кагылышуулар  ​​Израиль армиясына олуттуу адамдык жана каржылык жоготууларга алып келди, ал эми Израиль бийлиги армиянын жоготуулары тууралуу маалыматты катуу цензуралайт.

Иликте
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти
Йемен армиясы: "Таиздин батышындагы кагылышууларда 30 хусит өлтүрүлдү"
Иран Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган Того желеги бар мунай танкерине сокку урганын жарыялады
Ирландия 2027-жылы да Евровидение сынагына катышпайт
БУУ: «АКШнын Иранда согуш кылмышын жасаганына карата негиздүү жүйөлөр бар»
АКШлык дипломаттардын хуситтер менен Кызыл деңиздеги чыңалууну талкуулашканы айтылды
Армениянын премьер-министри Пашинян: "Бизге Россиянын аскердик базасынын кереги жок"
Украина орусиялык дрон Танзаниянын желеги илинген кемеге кол салып, капитан каза болгонун билдирди
Түштүк Африкадагы сериялык киши өлтүрүүлөр: сөөгү табылган аялдардын саны 9га жетти
Ок атышпоо келишимине карабастан Израилдин Газага чабуулдарынан беш адам каза болду
УКМ:«Мейстин аскердик эмес статусуна каршы келген иш жүзүндөгү абал түзүүгө жол берилбейт»
Йемен АКШны хуситтерди колдоону токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды
Франция Ливан армиясын колдоо боюнча конференция өткөрүүдө