ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түштүк Корея менен Франция үч жылдан кийин биргелешкен аба машыгуусун өткөрүштү
Машыгуунун алкагында эки өлкөнүн аба күчтөрү тактикалык учууларды, анын ичинде абада май куюуну жүргүзүштү.
Түштүк Корея менен Франция үч жылдан кийин биргелешкен аба машыгуусун өткөрүштү
Түштүк Корея менен Франциядан 3 жылдык тыныгуудан кийинки биргелешкен аба машыгуусу

Түштүк Корея менен Франция аба күчтөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу максатында биргелешкен аба машыгуусун өткөрүштү.

Түштүк Кореянын аба күчтөрүнүн командачылыгынын билдирүүсүндө, машыгуу шейшемби күнү борбор шаар Сеулдун түштүгүнөн болжол менен 110 чакырым алыстыкта ​​​​жайгашкан Чонжу аба базасында башталганы кабарланды.

Билдирүүдө бул эки өлкөнүн ортосундагы акыркы үч жылдагы биринчи биргелешкен аба машыгуусу экени айтылды.

Түштүк Корея F-35A жашыруун согуштук учактары жана KC-330 Cygnus көп максаттуу абада май куюучу танкер учагы менен катышты, ал эми Франциянын аба күчтөрү эки Rafale согуштук учагы жана бир A-330 абада май куюучу танкер менен катышты.

Француз тобунун союздаш күчтөрдүн сестентүүчү мүмкүнчүлүктөрүн баалоону көздөгөн "Пегасе" миссиясынын алкагында Түштүк Кореяга барганы кабарланды.

Машыгуунун алкагында эки өлкөнүн аба күчтөрү учактарга май куюу жана тактикалык учууларды аткарганы баса белгиленди.

Иликте
Хуситтер Сауд Арабиясынын F-15 согуштук учагын атып түшүргөндөрүн айтышты
Орусия: "Космосто куралдануу жарышынын алдын алуу үчүн шашылыш конкреттүү кадамдар жасалышы керек"
WP: "Трамп администрациясы Израилге 2,8 миллиард доллардык 40 миң бомба сатуу үчүн даярданууда"
Газада Израилдин кол салуусунан жабыркаган имарат кулап  9 киши каза болду
Израиль армиясы палестиналык баланы бомбалап  өлтүрдү
Сомалиде Түркияга колдоо көрсөтүү акциялары өттү
Сириянын президенти санкциялар жоюлгандан кийин Сириянын "кайра жаралганын" айтты
Түндүк Кореянын лидери Ким Путинге жолдогон катында Россияга "бекем колдоо" убадасын берди
Азербайжандын президенти Алиев тышкы иштер министри Фидан менен жолугушту
Сомалиде Түркиянын колдоосуна ыраазычылык билдирүү иретинде митинг өттү
БУУ: "Малиде 731 миңден ашык качкын, башпаанек издеген жана жер которгон адамдар бар"
НАТОнун согуштук учактары Литванын аба мейкиндигине кирген дронду атып түшүрдү
Зеленский: "Россия чындыгында кааласа Украина чыңалууну азайтууга даяр"
Украина: "Орус армиясы бүгүн кечинде 200 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен абадан сокку урду"
Иран согуш жана ок атышуудан кийинки мезгилде коргонууга даярдануу үчүн буйрук берди