Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан тараптардын өтүнүчү боюнча Түркия Ормуз кысыгындагы миналарды тазалоо аракеттерине салым кошууга даяр экенин жана АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү ийгиликтерге оптимисттик көз карашта экенин билдирди.
Түштүк Кореяга болгон сапары учурунда Түштүк Кореянын JTBC телеканалына берген маегинде Фидан: «Эгерде тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилсе же бизден миналарды тазалоо процессине салым кошуу суралса, биз кубануу менен жасайбыз», - деди.
Фидан Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту кошо алганда, чыр-чатактарды чечүүдө ырааттуу принципти карманарын билдирип: «Кагышкан тараптар чечим боюнча макулдашканда жана биз ошол чечимдин бир бөлүгү боло алабыз деп ойлогондо же бизден ошол чечимди жеңилдетүү суралганда, биз жардам берүүгө даярбыз», - деди.
Фидан АКШ да, Иран да чыңалууну азайтууну каалаарын жана чыр-чатактын аякташына оптимисттик көз карашта экенин айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Иран менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна бир жуманын ичинде кол коюлушу мүмкүн деген билдирүүсү боюнча суроого жооп берип жатып, Түркиянын тышкы иштер министри этияттык менен оптимисттик көз карашта экенин айтты.
Фидан: «Мен оптимисттик маанайдамын, анткени мен эки тарап менен тең, Пакистандын ортомчусу менен жана аймактагы башка тиешелүү тараптар менен үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдү жүргүзүп жатам. Биз аларга бир пикирге, келишимге жетүүгө жардам берүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз», - деди.
Техникалык деталдар азырынча чечиле электигин, бирок эки тарап тең жалпысынан долбоордун алкагында макулдашканын кошумчалаган Фидан: «Жакында жакшы жаңылыктарды алабыз деп үмүттөнөм», - деди.
«Өзөктүк иш»
Фидан Ормуз кысыгынын маселеси дүйнөлүк экономикалык жана гуманитардык кесепеттеринен улам өзөктүк ишке караганда актуалдуураак болуп калганын айтты.
Хакан Фидан: «Азыркы кырдаалдан улам биринчи жолу дагы бир маселе актуалдуураак болуп, өзөктүк маселелерден да маанилүү позицияга көтөрүлдү: Ормуз кысыгынын абалы», - деди.
Узак убакытка созулган жабылуу Африканын айрым жерлеринде азык-түлүк тартыштыгына жана глобалдык деңгээлдеги үзгүлтүккө алып келиши мүмкүн экенин эскерткен министр Вашингтон да, Тегеран да кеңири сүйлөшүүлөрдөн мурун кысыктын кайра ачылышына артыкчылык берүүнү каалаарын айтты.
Фидан Израилди көрсөтүп, үчүнчү тарап сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып жатканын айтып, дипломатияны колдоо үчүн Израилге эл аралык кысым көрсөтүүгө чакырды.
Фидан: «Израиль АКШ менен Ирандын ортосундагы ар кандай келишим, азыркы абалында, анын кызыкчылыгына туура келбейт деп эсептейт. Ошондуктан, ал сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу же саботаж кылуу үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат», - деди.
Тышкы иштер министри эл аралык коомчулуктун карамагындагы эң күчтүү дипломатиялык куралдардын бири өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясында көрсөтүлгөнүн, анда 157 өлкө Палестина мамлекетинин толук кандуу мүчөлүгүн колдоп добуш бергенин билдирди.
Фидан бүткүл эл аралык коомчулук Газадагы жана Палестинадагы геноцидге катуу каршы экенин жана бул позицияны Израилге кысым көрсөтүү үчүн рычаг катары колдонуу керектигин баса белгиледи.
Фидан кошумчалап: «Эгерде Европа Биримдиги, БУУ, башка аймактык жана эл аралык уюмдар жана коомчулуктар, ошондой эле улуттук мамлекеттер биригип, Израилге да ушуну айтышса жана Израиль жооп бербеген учурда чара көрүшсө, менимче, бизде ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү 100 пайыз болот»,-деди.
Министр ошондой эле Израилдин аймактык саясаты Жакынкы Чыгыштан тышкары, анын ичинде энергетикалык коопсуздук жана миграция сыяктуу глобалдык коркунучтарды жаратаарын эскертти.
Фидан: «Израилдин аймактагы позициясы жана андан келип чыккан экспансиялык жана оккупациялык саясаты, ошондой эле калкты көчүрүүгө алып келген согуштар Иранга кол салуудан көрүнүп тургандай, аймакка гана эмес, бүткүл дүйнөгө олуттуу коркунучтарды жаратат», - деп билдирди.
«Бул иллюзия»
Фидан: «Израиль мурда Холокостту башынан өткөргөндүктөн, алар өздөрүнө кол тийбестик берилет деп эсептейт. Алар өздөрүн өзгөчө абалда көрүшөт. Менимче, бул иллюзия. Ким геноцид кылса, биз аларды айыптап, алардын аттарын ачыкка чыгарып, уятка калтырышыбыз керек», - деп билдирди.
Министр Израилди жарандардын өлүмүн токтотууга, Газага коюлган чектөөлөрдү алып салууга жана оккупацияны токтотууга чакырды.
Башка жагынан алганда, Фидан АКШнын президенттери көбүнчө НАТОнун саммиттерине катышаарын жана Дональд Трамптын 7-8-июлда Анкарада өтүүчү саммитке катышаарын күтөрүн айтты.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки система азыркы реалдуулукту чагылдырбай калганын айткан тышкы иштер министри, «Ошондуктан, биз мураска алган система бизге, адам катары жана улут-мамлекеттер катары, көйгөйлөрүбүздү туура чечүүгө мүмкүндүк бербейт», деп айтып, азыркы системаны кайра карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.
Эл аралык тартипти реформалоого чакырган Фидан кызматташуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу «адамзатка чоң кыянатчылык» болоорун эскертти.

Түркия-Түштүк Корея мамилелери
Фидан Түркия менен Түштүк Корея Синоп атомдук электр станциясы боюнча кызматташууну талкуулаганын, 2008-2009-жылдары Корея электр компаниясы (KEPCO) менен болгон мурунку байланыштарын эске салды.
Хакан Фидан долбоордун Түштүк Кореянын технологиясы менен өнүгүшүнө үмүттөнөрүн билдирди.
Корея согушунан берки Түркия менен Түштүк Кореянын мамилелерине көңүл бурган министр 2012-жылдан бери стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташуу тереңдегенин белгиледи.
Фидан соода, коргонуу жана технологиялык кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын айтып, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган акыркы 24 жылдан бери Түштүк Корея менен бардык деңгээлдеги кызматташууга чоң маани берип келе жатканын жана эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүп тураарын эске салды.


















