Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чо Сон Хуэй менен жолугушуп, эки тараптуу карым - катнаштар менен коопсуздук маселелерин талкуулады.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Лавров өлкөгө келген Чо менен Москвада жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык жана эл аралык коопсуздукка байланыштуу маселелер талкууланды.
Лавров ачылыш сөзүндө Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы диалогдун уланып жатканын билдирип: "2024-жылы Пхеньянда эки лидер кабыл алган чечимдерд ырааттуу түрдө ишке ашырылууда. Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери бул процесске салым кошуп жатышат", - деди.
Лавров эки тараптуу карым - катнаштарды тездетүүнүн жана аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин чечүүгө салым кошуунун маанисин баса белгилеп, Түндүк Кореянын аскерлери Курск аймагын Украинанын аскерлерин Россиянын аймагынан тазалоо процессине катышканын эске салды.
Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри Чону кечээ Россиянын президенти Владимир Путин кабыл алды. Бул жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштар да талкууланды.


















