Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынына байланыштуу жарыялаган биргелешкен билдирүүсүнө ылайык, Түркия, Египет, Пакистан жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 81-Башкы Ассамблеясынын алкагында жолугушту.
Жыйын учурдагы аймактык жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.
Министрлер Жакынкы Чыгышта жана кеңири аймакта тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо үчүн төрт өлкөнүн ортосундагы консультацияларды жана координацияны улантуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыкташты.
Аймактагы уланып жаткан чыңалуулар жана чыр-чатактар боюнча терең тынчсыздануусун билдирген министрлер диалог жана дипломатия туруктуу чечимге жетүүнүн бирден-бир жолу экенин баса белгилешип, узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн "Исламабад келишимин" сактоо зарылдыгын айтышты.
Төрт өлкө хуситтердин Сауд Арабиясына кол салууларын айыпташты
Министрлер Йемендеги хуситтердин Сауд Арабиясына каршы жасаган бардык кол салууларын катуу айыптап, Сауд Арабиясынын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун бекем колдой тургандыктарын кайталашты.
Сауд Арабиясынын эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы боюнча өзүн, аймагын жана элин коргоого болгон мыйзамдуу укугун ырастаган министрлер деңизде кеме жүрүүнүн коопсуздугун жана эркиндигин коргоонун да маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Министрлер Йемендин мыйзамдуу өкмөтү жана Йемендин Президенттик кеңешинин саясий процесс жана бардык тараптарды камтыган инклюзивдүү диалог аркылуу Йеменде коопсуздукка, туруктуулукка жана өнүгүүгө жетүү аракеттерин бекем колдой тургандыктарын кайталашты.
Жакынкы Чыгышта тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка жетишүүдө Палестина маселесинин борбордук маанисин дагы бир жолу ырастаган министрлер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык, Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде 1967-жылдын 4-июнундагы чек аралардын негизинде борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү, туруктуу жана географиялык жактан бир бүтүн Палестина мамлекетин түзүү, ошондой эле өзүн-өзү аныктоо укугун колдогондорун кайталашты.
"Судандагы биримдикти алсыратуучу параллель түзүлүштөр четке кагылышы керек"
Министрлер Судандын эгемендигин, биримдигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой тургандыктарын ырасташып, анын мыйзамдуу улуттук мекемелерин коргоонун жана Судандын эгемендүүлүгүн жана биримдигин алсыратуучу параллель түзүлүштөрдү четке кагуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Судандын аймагына курал-жарактын, жалданма аскерлердин жана чет элдик согушкерлердин мыйзамсыз агымын токтотуу зарылдыгын айткан министрлер жамааттык коопсуздукту чыңдоо жана узак мөөнөттүү аймактык туруктуулукту колдоо максатында аймактык жана эл аралык окуялар боюнча тыгыз координацияны сактоого жана консультацияларды улантууга макул болушту.





















