ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Пенсильвания штатынын Эри шаарындагы үйдүн ичинде жана сыртында ок чыгарган куралчан киши андан соң өзүн атып өлтүрдү.
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Бийлик курман болгондордун жана ок чыгарууга шектелген кишинин өздүгүн ачыктай элек.

АКШнын Пенсильвания штатынын Эри шаарындагы куралдуу кол салуудан кеминде тогуз адам, анын ичинде балдар каза болду. 

Ишемби күнү ABC News телеканалынын расмий өкүлдөргө шилтеме жасап билдиргенине караганда, куралчан киши өзүн атып өлтүрөрдөн мурун үйдүн ичинде жана сыртында ок чыгарган. 

Полициянын башчысы Рик Лора: "Бул биздин кызматкерлер жана тергөө топтору туш болгон эң оор жана жүрөк ооруткан окуялардын бири", - деди. 

Лора: "Адамдардын өлүмү капага салуучу жана иликтенип жаткан окуянын жагдайлары өтө тынчсыздандырат", - деп кошумчалады. 

Бийлик азырынча каза тапкандардын же куралчан кишинин ким экенин ачыкка чыгара элек. 

Кол салуунун себеби белгисиз, тергөө топтору кол салууга чейинки окуяларды жана анын жагдайларын аныктоо үчүн иштеп жатышат.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди