Израиль армиясына таандык согуштук учактар Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясынын чыгышында жайгашкан колдонулбаган Эбу Зухур аскердик аэродромуна төрт жолу абадан сокку урду.
Жергиликтүү булактар чабуулдар жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00 чамасында жүргүзүлгөнүн жана Израилдин согуштук учактары Эбу Зухур аскердик аэродромун төрт жолу бутага алганын билдиришти.
Чабуулдарда курмандыктар же жаракат алгандарга байланыштуу азырынча маалымат бөлүшүлө элек.
Сирия бийлиги да кол салуу тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.
Асад режими кулаганга чейин Израиль Сириядагы Иран күчтөрүнө жана Хузбулланын позицияларына чабуулдарды жасачу.
Режим кулагандан кийин Израиль Сириянын жалпысындагы курал-жарак жана ракета кампалары менен стратегиялык аскердик пункттарга чабуулдарын кеңейтти.



















