Беш жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээси 41 жаштагы португалиялык жылдыз, жубайы Жоржина Родригес менен баш кошкондон кийин Vogue журналына берген маегинде: "Бул менин футболдогу акыркы жылым болушу мүмкүн жана мен улуу мурас калтыргым келет", - деди.
Келечегин толугу менен пландап койгонун айткан Роналду үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.
Тажрыйбалуу оюнчу футболдон калган убакытты саякаттоо, падел ойноо жана 25 жылдык берилгендигинен кийин жетишкен ийгиликтеринен ырахат алуу сыяктуу ар кандай максаттар менен толтура турганын билдирди.
1000 гол киргизүү максаты
Ушул жайда Португалия курама командасы менен алтынчы Дүйнөлүк Кубокто ойноп, гол киргизүү менен рекорд койгон Роналду клубдук жана улуттук курама карьерасында ушул убакка чейин жалпысынан 976 гол киргизди.
"Манчестер Юнайтед", "Реал Мадрид" жана "Ювентус" сыяктуу гигант клубдарда ойногон жылдыз футболчу карьерасында 1000 голдук чектен ашууну максат кылууда.
Сауд Арабиясынын "Аль-Наср" клубу менен келишиминин акыркы жылында турган Роналдунун бул сезондогу оюну анын тарыхый максатына жете алабы же жокпу аныктайт.



















