Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин, Ирактагы Күрт Аймактык башкаруусунун (IKBY) премьер-министри Масрур Барзанинин кеңсеси жана чалгындоо агенттигинин директорунун үйү бутага алынгандан кийин Ирандан "так жана расмий позиция" билдирүүнү талап кылды.
Ирактын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, министр Хусейин аталган чабуулдардан кийин ирандык кесиптеши Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө: “Буга чейинки кол салуулар Иран тарабынан аймакта каршы топтор бар негиз менен корголуп келген",- деген Хүсейиндин акыркы кол салуу тууралуу олуттуу жерлердин бутага алынганын баса белгилегени билдирилди.
Хусейиндин: "Бул абал чыңалууну күчөтүп, аймактагы туруктуулукка коркунуч туудура турган кооптуу чыңалууну жаратууда",- дегени билдирилди.
Кол салууну айыптаган Хусейиндин Тегеран администрациясынан кол салууга, аркасындагы тараптарга жана себептерине байланыштуу өз позициясын билдирген расмий билдирүү чыгарууну талап кылганы баса белгиленди.
Аракчинин сүйлөшүүдө "өлкөсүнүн чыңалууну күчөтүп, кырдаалды туруксуздаштыра турган ар кандай кадамдарды четке кагарын" билдирип, Ирандын бул маселе боюнча өз позициясын тактаган расмий билдирүү жасай турганын убада кылганы маалымдалды.
Барзанинин кеңсесине жасалган чабуул
IKBYнын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө кечээ, жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:28де, Эрбилдин Салахаддин районундагы премьер-министрдин жеке кеңсесине жана чалгындоо директорунун резиденциясына "Иран тарабынан" жасалган кол салууда бомба жүктөлгөн эки "Хадид-110" тибиндеги дрондун колдонулганы айтылган.
Кол салууда каза болгондордун болбогону маалымдалган.
IKBYнын премьер-министри Масрур Барзани да X социалдык платформасындагы баракчасында бул кол салууну аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна карата коркунуч экендигин айтып катуу айыптады.



















