Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду.
Филиппин маалымат агенттигинин (PNA) кабарына караганда, Жарандык коргонуу кеңсесинин кызматкери Диего Мариано журналисттерге Луис жана Маймай тропикалык циклондору жана өлкөгө тийгизген муссон жамгырлары тууралуу билдирүү жасады.
Мариано учурда 523 эвакуациялык борбордо 24 000ден ашык адам жайгаштырылганын жана аба ырайынын жагымсыз таасиринен 5 миллиондон ашык адам жабыркаганын кабарлады.
Мариано тропикалык циклон жана муссон жамгырларынан улам өлкө боюнча 23 адам каза болуп, 17 адам жаракат алганын, бир адамдын болсо дайынсыз жоголгонун билдирди.






















