ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Европа Биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга татыктуу экенин билдирди.
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Зеленский Киевге келген Урсула фон дер Ляйен менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Владимир Зеленский «Украина-Түштүк-Чыгыш Европа саммитине» катышуу үчүн өлкөгө барган Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Зеленский 2022-жылдын февраль айында Россия-Украина согушу башталгандан бери Украинага көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирип, саясий жана коргонуу тармагындагы жардамдардын өздөрү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Өлкөсүнүн Европа Биримдигине интеграциялануу процессине токтолгон Зеленский: «Бүгүн Европадагылардын баары бир пикирде. Биз Европа Биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга татыктуубуз», — деди.

Зеленский Европа Биримдигинин Россияга каршы 21‑ санкция пакетин жактырарын күтүп жатышкандарын айтып: "Биргелешкен кысымдын, Европа жана АКШ менен кызматташуубуздун жана элибиздин жардамы менен тынчтыкка жетишерибизге толук ишенем. Биргелешип, бирдиктүү жана күчтүү Европада тынчтыкта ​​​​болобуз", - деп кошумчалады.

Иликте
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады