Франциянын борбору Париждеги Аустерлиц станциясынын жанындагы курулуш аянтында жайгашкан имаратта өрт чыкты.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Париждин 13-районундагы Аустерлиц станциясынын жанындагы бульварда калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан имараттын чатырында эртең менен өрт чыкты.
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүүгө аракет кылып жатканда, имараттын айланасы жол кыймылы үчүн жабылды.
Өрттөн кийин курулуш аянтындагы жумушчулар эвакуацияланды жана жакын жердеги Аустерлиц станциясынын административдик имараты бошотулду.
Француз темир жол компаниясы SNCF станцияда поезд каттамдары эч кандай үзгүлтүккө учурабаганын жарыялады.
Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан тез арада көзөмөлгө алынган өрт эч кимге зыян келтирген жок.
Өрттүн себебин иликтө иштери уланууда.




















