Израилдин түштүгүндөгү Кирят-Гат шаарында жайгашкан америкалык Intel технологиялык компаниясынын жарым өткөргүч чиптерин чыгарган ишканасында кечээ болгон жарылуудан эки киши көз жумду.
Haaretz гезитинин жазганына караганда, окуя ишканадагы газ баллонунун белгисиз себептерден улам жарылышынын натыйжасында болду.
Бершевадагы (Бирюссеби) Сорока ооруканасынын билдирүүсүндө, жарылуудан оор жаракат алган 49 жаштагы жумушчунун каза болгону айтылды.
Чукул жардам топтору кечээ оор жаракат алган 3 жумушчунун Сорока ооруканасына жөнөтүлгөндүгүн кабарлаган.
Оор жаракат алган жумушчу ооруканага жеткирилгенден кийин дароо каза тапкан.
Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматы жарылуунун натыйжасында кооптуу химиялык заттардын агып кеткенине байланыштуу тынчсыздануулар болгонун жарыялаган.
Белгилей кетсек, жарылуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Кирят-Гат шаарына иш сапары менен барган учурда болгон.
Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.



















