БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк басма сөз жыйынында сөз сүйлөдү.
Ок атышпоого карабастан кечээ жана андан мурунку күнү Газанын бардык аймактарында көптөгөн аба соккулары, артиллериялык атуулар, имараттарды талкалаган жарылуулар, деңизден аткылоо жана куралдуу кол салуулар катталганын баса белгилеген Фархан Хак, бул мыйзам бузуулар айрыкча "Сары сызык" деп аталган жердин батышында болгонун айтты.
Хак: "Биз жарандарды жана жарандык инфраструктураны ар дайым коргоо керектигин кайталайбыз", - деди.
Бир тараптан БУУ жана анын өнөктөштөрү Газага шашылыш түрдө керектүү жабдууларды жеткирүүнү улантып жатканын билдирген Хак, бирок гуманитардык жардамдын жеткирилиши муктаждыктарды канааттандыруу үчүн жетишсиз экенин баса белгиледи.
Хак: "Биздин өнөктөштөр, жардамдардын жетишсиз каржылоо жана Израилдин тоскоолдуктарынан улам чектелип жатканын айтышууда. Алардын арасында мотор майы жана запастык бөлүктөр сыяктуу маанилүү импортко чектөөлөр, ошондой эле Газанын 64 пайыздан ашыгына кирүүгө чектөөлөр бар", - деди.



















