Оорукананын кызматкеринин айтымында, бейшемби күнү Пакистандын түндүк-батышындагы Пешаварда мектептин чатыры кулап, 27 окуучу жана бир мугалим каза болгон.
Пешавардагы Леди Рединг ооруканасынын кызматкери Мeхаммед Асим Хан AFP агенттигине каза болгондордун санын тастыктап, 30дан ашык адам жаракат алганын, алардын алтоосунун абалы оор экенин кошумчалады.
Жергиликтүү Dawn гезитинин маалыматы боюнча, Хан каза болгон балдардын баары 13 жашта же андан кичүү экенин билдирди.
Хан ооруканада өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтты.
1122 куткаруу кызматынын өкүлү Билал Ахмед Файзи буга чейин да куткаруу топтору тарабынан ооруканаларга окуучулар жана мугалимдер менен кошо 20га жакын адам жеткирилгенин билдирген.
Аймакта куткаруу иштери уланууда.
Пакистанда коопсуздук эрежелеринин жетишсиздигинен жана сапатсыз курулуш материалдарын колдонуудан улам имараттардын кулашы көп кездешет.
Июнь айында Лахордун Кахна аймагындагы жеке менчик билим берүү борборунун чатыры кулап, 14 бала каза болгон.



















