АКШнын аскерлери Иранга каршы жаңы чабуул пландарын иштеп чыгып жатканы кабарланууда. Алардын катарында «бардык бомбалардын энеси» деп аталган GBU-43/B бомбасын Ирандын энергетикалык инфраструктурасына жана өзөктүк объектилерине каршы колдонуу мүмкүнчүлүгү да бар.
CNNдин атын атабаган, бул маселе боюнча маалыматы бар америкалык жетекчилерге шилтеме берген кабарында, президент Дональд Трамп орто мөөнөттүү шайлоолорго чейин же андан кийин чабуулдарды кайра баштоого уруксат берсе, Вашингтон администрациясы Иранга каршы GBU-43/B (MOAB) бомбасын колдонууну караштырып жатканы айтылууда.
АКШнын арсеналындагы эң ири өзөктүк эмес бомба деп эсептелген бул куралды Иранга каршы биринчи жолу колдонуу кагылышууну олуттуу курчутушу мүмкүн. Бирок анын Трамптын стратегиялык максаттарына жетүүгө канчалык жардам берери күмөн жаратууда.
Маалыматка ылайык, Трамп аскерлерге Ирандын объектилерине, анын ичинде энергетикалык инфраструктурасына каршы кошумча чабуул пландарын даярдоону тапшырган. Бул пландар MOAB бомбасын колдонууну жана Ирандын Казма тоосундагы өзөктүк объектилерине сокку урууну да камтыйт.
CNNдин кабарында MOAB кеңири аймактагы буталарды жок кылууга ылайыктуу болгонуна карабастан терең жайгашкан объектилерди талкалоо үчүн иштелип чыкпаганы белгиленген. Ошондой эле бомбанын жарылуу аймагынын чоңдугу жарандар арасында курмандыктар болушу мүмкүн деген кооптонууну жаратууда.
Мындан тышкары, Трамп MOAB бомбасын Иранга психологиялык басым көрсөтүүчү курал катары колдонууну артык көрүшү мүмкүн экени айтылууда.



















