ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
Samsun Yurt Savunma (SYS) тарабынан чыгарылган арзан баадагы CANiK M3 FALCON системасынын биринчи партиялары Пакистанга жана Азербайжанга жөнөтүлдү; система Азербайжандын 20дан ашык тик учагына интеграцияланат.
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
12,7x99 мм ири калибрлүү пулемёт ушул аптада Стамбулда өткөн SAHA 2026 эл аралык коргонуу жана аэрокосмостук көргөзмөсүндө алгачкы жолу көрсөтүлдү. / AA

Түркиянын коргонуу компаниясы Samsun Yurt Savunma (SYS) тик учактардан учкучсуз учуучу аппараттарды жана дрондорду жок кылуу үчүн иштелип чыккан жаңы муундагы CANiK M3 FALCON оор пулемётун чет өлкөлөргө жөнөтө баштады.

12,7x99 мм оор пулемёт биринчи жолу ушул аптада Стамбулда өткөн SAHA 2026 Эл аралык коргонуу жана аэрокосмос жарманкесинде көрсөтүлдү. Аталган иш-чарада түрк коргонуу ишканалары өздөрүнүн жаңы системаларын таанытып, эл аралык кызматташтык келишимдерине кол коюшту.

Көргөзмөнүн алкагында Анадолу агенттигине маек курган SYS компаниясынын башчысы Зафер Арал төмөнкүлөргө токтолду: "CANiK M3 FALCON заманбап согуш майданындагы өзгөрүүлөргө, өзгөчө арзан баадагы дрондор жана "камикадзе-дрондор" олуттуу коркунучка айланган шарттарга ылайыкталып жасалган. Бул курал толугу менен дрондорго, анын ичинде "Шахид" тибиндеги аппараттарга каршы тик учактан туруп сокку уруу үчүн иштелип чыккан. Учурда эффективдүү колдонулууда. Алгачкы партиялар Пакистан менен Азербайжанга экспорттолду".

Арал система тик учактарга радар тарабынан аныкталган учкучсуз учуучу аппараттарды (УАА) кармоого мүмкүндүк берерин айтып, Шахид тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттардын саатына болжол менен 250 чакырым ылдамдыкта уча аларын жана тик учактар ​​бул ылдамдыкка жете аларын белгиледи.

Зафер Арал төмөнкүлөрдү кошумчалады: "Радарлар бул дрондорду же учкучсуз учуучу аппараттарды аныктаган учурда, тик учактар абага көтөрүлөт. Алар эшиктерин ачып, FALCON пулемёттору аркылуу дрондорду же учкучсуз учуучу аппараттарды толугу менен жок кыла алышат".

Бул концепция көргөзмө этабынан өтүп, иш жүзүндө колдонула баштаганын белгилеген Арал :"Бул жаңы согуш концепциясы алгачкы жолу көрсөтүлүп жатат жана биринчи жолу колдонулууда. Себеби, бул — согуштун жаңы ыкмасы. Мындай муктаждык жакында эле жаралды жана ага тик учактар менен FALCON пулемётторун айкалыштыруу аркылуу чечим табылды".- деди.

«Азербайжанга 40тан ашык FALCON»

SYS жетекчиси акыркы согуштук кагылышуулар мобилдүү жана арзан баадагы дронго каршы чечимдердин зарылдыгын көрсөткөндөн кийин, бул системага болгон суроо-талап пайда болгонун айтты.

Бул курал тик учактан мүнөтүнө 1 200 жолу ок атуу ылдамдыгына жете аларын жана чет өлкөлүк кардарлардын суроо-талабы боюнча абада колдонууга ылайыкташтырылганын белгилеп, Арал: «Курал өзү мурун эле бар болчу. Биз аны өнүктүрүп, тик учактын бортунда оңой колдонула турган абалга келтирдик», — деди.

Аралдын айтымында, Азербайжандагы 20дан ашык тик учакка орнотуу үчүн 40тан ашык CANiK M3 FALCON куралын жөнөтүү башталды. Алгачкы продукциялар Пакистанга да жөнөтүлдү.

Бул системаны Түркиянын Gökbey тик учагында колдонуу боюнча алдын ала иштер башталганын айткан Арал, сыноолор Борбордук Анадолудагы Конья шаарында түрк коргонуу гиганты Aselsan менен биргеликте аяктаганын кошумчалады. «Чет өлкөлөрдөн дагы башка суроо-талаптар келет», — деген Арал, система «Шахид» тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттарга же радар аркылуу аныкталып, көзөмөлгө алынган ар кандай учкучсуз аппараттарга каршы колдонууга даяр экенин баса белгиледи.

SYS көп баскычтуу абадан коргонуу тутумун таанытты

SYS Group SAHA 2026 көргөзмөсүндө UNIROBOTICS тарабынан иштелип чыккан системаларды камтыган "интеграцияланган коргонуу экосистемасы" концепциясын сунуштоодо.

Алардын арасында TRAKON алыстан башкарылуучу курал станцияларын, CANiK оор пулемётторун жана VENOM LR орто калибрлүү пулемёт системасын бирдиктүү тармакка бириктирген "Бөлүштүрүлгөн мобилдик көп катмарлуу абадан коргонуу архитектурасы" бар.

Бул система заманбап дрон коркунучтарына каршы ар кандай аралыктарда көп баскычтуу артыкчылыкты камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Анын салыштырмалуу арзандыгы жана туруктуу түзүлүшү чет элдик делегациялардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

SYS жетекчиси Аралдын айтымында, компания согуштун өзгөрүп жаткан мүнөзүнө төп келген курал-жарактарга жана платформаларга, оор пулемётторго жана алыстан башкарылуучу мунараларга (taret) инвестиция салууну улантууда.

Косово менен 50 миллион долларлык келишим

Арал ошондой эле көргөзмөнүн жүрүшүндө SYSнын Балканда жайгашкан Косово менен учурдагы брондолгон унааларын куралдандыруу боюнча маанилүү келишимге кол койгонун жарыялады.

Бул тууралуу Арал: «Келишим Косовонун карамагындагы бронетехникаларды куралдандырууга багытталган. Бизде 30x113 мм пулемёттор бар. Косоводогу бронетехникаларды 30x113 мм мунаралар жана замбиректер менен жабдуу боюнча макулдашууга жетишилди. Биз 100 даана кургактагы техниканы мунаралары жана 30x113 мм замбиректери менен куралдандырабыз. Бул 50 миллион доллардан ашык суммадагы келишим», — деди.

Согуш концепциясы барган сайын учкучсуз системаларга жана үнөмдүү куралдарга өтүп жаткандыктан, Түркиянын дүйнөлүк коргонуу өнөр жайында жаңы деңгээлге чыкканын белгилеген компания жетекчиси:«Согуш концепциясы өзгөрдү. Эми согуштар ашыкча чыгымды талап кылбаган учкучсуз кургактагы, деңиздеги жана абадагы аппараттар, ошондой эле алар көтөрө алган эң эффективдүү куралдар менен жүргүзүлө баштады. Бүгүнкү күндө Түркия бул концепцияга ээ болгон дүйнөдөгү жалгыз өлкө деп айта алабыз. Ошондуктан, акыркы 6 айда, өзгөчө акыркы 3 ай ичинде Перс булуңундагы өлкөлөрдөн баштап Филиппин, Индонезия, Малайзия жана Африка өлкөлөрүнө чейин — бул жаңы согуш концепциясына чечим издеген мамлекеттер менен тынымсыз байланышта болуп жатабыз», — деп кошумчалады.

Иликте
Кытай мурдагы эки коргоо министрин коррупция боюнча кечеңдетилген өлүм жазасына тартты
Йылмаз: "Түркия - "дүйнөлүк борбор" катары позицияланган экономика"
AirAsia 19 миллиард долларлык келишим менен 150 даана Airbus A220 учагын сатып алат
SAHA-2026 жарманкеси уланып жатат
Трамп: "Иран сүйлөшүүлөрү абдан жакшы баратат, жакында келишим түзүлөт"
АСЕАНдын тышкы иштер министрлери Филиппинде жолугушту
Россиядан чет элдик дипломаттарга эвакуация чакырыгы: Киевде чыңалуу күч алууда
Москвада коопсуздук себептеринен улам 9-майда мобилдик интернет өчүрүлөт
Түркия менен Сауд Арабия Анкарада жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
АКШда үч штат хантавирус эпидемиясынан кийин круиздик жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөөдө
ЕБ жана АКШ соода келишимине дагы бир кадам жакындады
Баскынчы израилдик аскерлер бул ирет Марьям эненин айкелине акаарат кылышты
Израилдин кол салуулары Ливанда дагы 16 адамдын өмүрүн алып, 21 адамды жарадар кылды
Түрк-Сауд координациялык кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү
SAHA-2026 жарманкесинде чет элдик жогорку даражалуу өкүлдөр TCG Anadolu кемесин карап чыгышты