Испания менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык кризис Мадрид администрациясы "кабыл алынгыс" деп мүнөздөгөн камоо чечиминен кийин жаңы баскычка көтөрүлдү. Испаниянын Тышкы иштер министри Газага жардам алып бараткан флотилиядагы испан активистинин камоо мөөнөтүнүн узартылышына нааразычылык билдирүү иретинде Израилдин Мадриддеги ишенимдүү өкүлүн министрликке чакыртты.
Альбарес парламентте депутаттарга кайрылып: "Биз жараныбыздын кармалуу мөөнөтүнүн узартылышы канчалык кабыл алынгыс жана чыдагыс экенин билдирүү үчүн Израилдин өкүлүн кайрадан чакырдык", - деди.
Карым - катнаштар үзгүлтүккө учуроодо
Эки өлкө ортосундагы тирешүү Испаниянын БУУнун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Альбанезеге мамлекеттик сыйлык тапшыруусу менен дагы да курчуду. Израиль соту бардык эл аралык чакырыктарга карабастан, палестина тектүү испан жараны Сайф Абу Кешек жана бразилиялык активист Тиаго Авиланын камоо мөөнөтүн жекшембиге чейин узартты.
Өткөн аптада Греция жээктеринде эл аралык сууларда «Глобалдык Сумуд флотилиясына» кийлигишкен Израиль күчтөрү активисттердин көбүн өлкөдөн чыгарып, Абу Кешек менен Авиланы камакка алган. Укук коргоо уюмдары бул камоолордун мыйзамсыз экенин жана активисттер абактарда катаал мамилеге дуушар болуп жатканын билдиришти.
Геноцидге каршы реакция жана дипломатиялык өч алуу
Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин Израилдин Газага жасаган чабуулдарын "геноцид" деп мүнөздөшү жана Мадриддин 2024-жылы Палестина мамлекетин расмий түрдө таануусу эки тараптуу мамилелерди минималдуу деңгээлге түшүргөн.
Акыркы болуп премьер-министр Санчес АКШнын санкциялар тизмесинде турган БУУнун баяндамачысы Албанезеге "эл аралык укук бузууларды документтештирүү иштери" үчүн" "Жарандык сыймык" орденин тапшырды. Санчес ошондой эле Европа комиссиясына кайрылып, АКШнын Альбанезеге каршы санкциялары Европа Биримдигинин аймагында колдонбоону талап кылды.







