The New York Times гезитинин маалыматына караганда, АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио республикачылардын орто мөөнөттөгү шайлоодо жеңилүүсүнөн кийин Трамп администрациясынан кетүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Рубио бейшемби күнү The New York Times гезитине берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин аны менен иштөө башынан эле пландалганын билдирди.
Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматын да аткарган Рубио 2028-жылдагы президенттик шайлоодо Трамптын ордун алышы мүмкүн болгон талапкерлердин бири катары каралууда.
Орто мөөнөттөгү шайлоого саналуу күндөр калганда Рубио шайлоо өнөктүгү учурунда Трамптын жанында көп көрүнүп, митингдердин биринде сахнага чыгып, чогулган элге кыскача кайрылуу жасаган.
Бирок бейшемби күнү ал саясий келечегине байланыштуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартып:«2028-жыл тууралуу мындан ары сүйлөбөйм», — деди.
Буга чейин, бейшемби күнү эртең менен Bloomberg News агенттиги Рубионун администрациядан кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын кабарлаган.
Маалыматта Рубионун кызматтан кетүү маселесин Ак үйдүн өкүлдөрү менен талкуулаганы жана өкүлдөрдүн андан кызматында калуусун өтүнүшкөнү айтылды.
Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти Рубионун кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтарды кескин түрдө четке какты.




















