Түркиянын аба, кургактык жана деңиз платформаларына инвестициялардын натыйжасында ата мекендик/улуттук продукцияларды жана ок-дарыларды экспорттоодогу өсүш менен бирге коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайынын жалпы экспорттогу үлүшү да өсүүдө.
Дүйнө жүзү боюнча ар кайсы аймактардагы коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөр, биринчи кезекте Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш ири масштабдуу кургактык, деңиз жана аба платформаларынан тартып FPV дрондоруна чейинки ар кандай продукцияларга болгон муктаждыкты арттырууда. Түркия өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен дос жана союздаш өлкөлөрдүн бул муктаждыктарына жооп берип жатат.
Түркиянын экспорттоочулар кеңешинин (TİM) маалыматтарына ылайык, Covid-19 пандемиясынын дүйнөлүк соодага жана өндүрүшкө тийгизген таасири сезилген 2020-жылы коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайынын экспорттук кирешеси 2,279 миллиард долларды түзгөн.
Пандемиянын кесепеттери азайган сайын экспорттук киреше 2021-жылы 3,225 миллиард долларга чейин өстү, ал эми экспорттун өсүшү кийинки жылдары да уланды. Сектордун тышкы сатуудан түшкөн кирешеси 2022-жылы 4,396 миллиард долларга, 2023-жылы 5,546 миллиард долларга жана 2024-жылы 6,735 миллиард долларга жетти. 2025-жылы экспорттук киреше биринчи жолу 10 миллиард доллар чегин ашып 10,016 миллиард долларды түздү.
Ошентип коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайынын экспорту 2020-жылдан 2025-жылга чейин үзгүлтүксүз өсүштү көрсөттү. 5 жылдын ичинде экспортун 4,4 эсеге көбөйткөн тармактын жалпы экспорттогу үлүшү да өстү. Коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайынын жалпы экспорттогу үлүшү 2020-жылдагы 1,5%дан 2025-жылы 4,2%га чейин өстү.
2025-жылдын декабрь айында жетишилген 2,571 миллиард долларлык экспорттук киреше да тармак тарабынан жетишилген эң жогорку айлык деңгээл болду.
Бул тармактын 2026-жылы да экспорттун үзгүлтүксүз өсүшүн улантары күтүлүүдө.
Коргонуу жана аэрокосмостук өнөр жай фирмалары тарабынан 2026-жылы кол коюлган жана кийинки жылдарга чейин созулган ири көлөмдөгү экспорттук келишимдер алдыдагы мезгилдер үчүн өсүү күтүүлөрүн колдоодо.






















