ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Рютте НАТО зарыл болгон учурда Орусиянын гибриддик чабуулдарына жооп кайтарарын айтты
Эгерде Орусия кол сала турган болсо, эмне кыларыбызды ошондо көрөсүздөр.
Рютте НАТО зарыл болгон учурда Орусиянын гибриддик чабуулдарына жооп кайтарарын айтты
Марк Рютте Эстониянын борбору Таллинде премьер-министр Кристен Михал менен маалымат жыйынын өткөрдү.

НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусиянын НАТОдогу өнөктөштөрүнө багытталган гибриддик жана киберчабуулдарына каршы зарыл даярдыктарды көргөнүн билдирип, «Биз зарыл болгон учурда жооп кайтарабыз» деди.

Марк Рютте Эстониянын борбору Таллинде премьер-министр Кристен Михал менен өткөргөн биргелешкен басма сөз жыйынында сөз сүйлөдү.

Орусия менен байланышкан гибриддик чабуулдардын көбөйүшүн эске алганда, Москваны Европага каршы «көмүскө согуш» жүргүзүп жатат деп эсептеп жана Иран сыяктуу «терроризм колдоочусу» деп аташ керекпи деген суроого Рютте НАТО мындай иш-аракеттерге каршы турууга даяр экенин баса белгиледи.

Рютте: «Орустар жүргүзүп жаткан бул гибриддик, кибер жана башка иш-аракеттерге каршы туруу үчүн окутулганбыз жана даярдалганбыз. Бизде бардык зарыл жооптор бар», - деди.

Орусиянын максаты НАТОнун өнөктөштөрүн тынчсыздандыруу экенин айткан Марк Рютте сөзүн мындайча улантты:

«Алар биздин бул тууралуу күн бою сүйлөшүүбүздү, тынчсыздануубузду жана буга байланыштуу басма сөз жыйындарын өткөрүшүбүздү каалашат. Биз андай кылбайбыз. Зарыл болгон жерде жооп кайтарабыз. Кайталап айтам, бул дайыма эле байкала бербейт».

«НАТО аймагынын ар бир карыш жерин коргойбуз»

НАТОнун аймагына Орусиянын коркунучу жөнүндө Рютте: «НАТО аймагына карата азырынча коркунуч көрбөй элебиз», - деди.

Аскердик күчтөрдүн ыктымалдуу көбөйүшүнө каршы иш-аракет кылаарын айткан Рютте: «Эгерде биз аскердик күчтөрдүн көбөйүшүн көрсөк, буга жооп кайтарабыз», - деп билдирди.

НАТОнун зарыл коргонуу пландары бар экенин жана даяр экенин баса белгилеген Рютте: «Бизде чыгыш канат боюнча координацияланган түрдө алдыңкы кургактык күчтөрү жайгаштырылган. Ошондуктан билдирүү түшүнүктүү», - деди.

Эгерде Орусия НАТОго кол салса, анда кандай жооп кайтарылары тууралуу Башкы катчы: «Албетте, эгерде Орусия кол салууга бара тургандай акылсыздык кылса, эмне кыларыбызды ошондо так көрөсүздөр. Ошондуктан мен майда-чүйдөсүнө чейин токтолбойм, бирок биз өзүбүздү коргой турганыбызга ишене аласыздар», - деди.

Марк Рютте НАТО коргонуу альянсы экенин баса белгиледи.

Иликте
Мексикадагы тропикалык бороон-чапкындын кесепетинен алты адам каза болду
Орусия: "Украинанын Киев жана Харьков облустарындагы энергетикалык инфраструктурага сокку урдук"
АКШнын расмий өкүлдөрү миграциялык иликтөөнүн алкагында Илхан Омардын туугандарын суракка чакырды
АКШнын президенти Трамп: "Иранга көргүлүктү көрсөтөбүз"
Палестинанын жерлерин басып алган израилдиктер Батыш Шериада мечитти жана бир унааны өрттөштү
Бельгиянын Льеж шаарында полициянын зомбулугуна каршы акция өттү
Сириянын Хама шаарында куралдуу кол салуудан 4 коопсуздук кызматкери каза болду
Трамп Тайвандын Аляскадагы жаратылыш газын иштетүүчү заводунун 30%ын 20 жылга сатып аларын жарыялады
Француз парламенти сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды
Максим Прево: Түркия Европанын стратегиялык көз карандылыгын азайтууга жардам бере алат
Индиянын Бихар штатында кайык оодарылып, кеминде 13 бала чөгүп кетти
Араб коалициясы: "Сауд Арабиясынын Аль-Харж провинциясында хуситтердин канаттуу ракетасы тосулду"
Иран: "Оман менен Ормуз кысыгы боюнча зарыл болгон макулдашууга жетиштик"
Президент Эрдоган: "Түркия, Сауд Арабиянын жанында"
Араб коалициясы: "Сауд Арабиянын борбор шаары Рияддын түндүгүндө үч дронду атып түшүрдү"