Азов деңизинин Таганрог булуңунда түн ичинде эки чет элдик жүк ташуучу кемеге дрондор кол салды; кол салуудан беш азербайжан жараны каза болуп, үчөө жаракат алды.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айхан Хажизада жума күнү Натра жана Циркон деп аныкталган кемелерге дрондор кол салганда, алардын бортунда жалпысынан 25 азербайжан жараны болгонун билдирди.
"Эки жүк ташуучу кеме Азербайжан мамлекетине таандык эмес. Орусия бийлиги берген маалыматка ылайык, кол салуудан беш азербайжан жараны каза болуп, үчөө жаракат алды. Жаракат алган экипаж мүчөлөрү Орусиянын Ейск шаарындагы ооруканага жеткирилди", - деди.
Министрлик тиешелүү мамлекеттик мекемелер, өлкөнүн дипломатиялык миссиялары жана окуяга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен байланышта экенин айтты.
Ошондой эле окуя болгон жерге Азербайжандын Орусиядагы элчилигинин көптөгөн кызматкерлери жөнөтүлгөнү кабарланды.
Хажизада: «Биз жарандарыбыздын абалын, алардын мекенине кайтып келишин жана зарыл консулдук жардамдын көрсөтүлүшүн кылдат көзөмөлдөп жатабыз», - деди.
Министрлик каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Кол салуунун жагдайлары же кемелердеги жүк тууралуу башка маалымат берилген жок.

















